Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

ОРУСИЯНЫН ЖОГОРКУ ПАЛАТАСЫ ЭСТОНИЯ МЕНЕН ДИПЛОМАТТЫК БАЙЛАНЫШТЫ ҮЗҮҮНҮ СУНУШТАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Кечээ түнү Таллинде боштондукка чыгаруу эстелиги деген советтик жоокердин айкелин алып таштоо болду. Мындай чечим, кечээ шаарда түнчүндө тополоң чыкканга байланыштуу чогулган Эстониянын өкүмөтүнүн чукулку олтурумунда кабыл алынган. Түнкү кагылыш малында полиция көздөн жаш агызчу газ чачып, айкелди кайтарып турган кишилерди кууп таркаткан. Андан кийин ал аламан топ шаардын борборун карай бет алып дүкөндөрдү сындырып, тоной баштаган.

Полиция билдиргенге караганда кагылыш маалында 57 киши жабыр тартып, жүздөн ашуун киши кармалган. Бир киши жарадар болуп ооруканага түшүп кийин кайтыш болгон.

Мындан алтымышдай жыл мурда коло жоокер советтик куралдуу күчтүн эстон элин боштондукка чыгаргандыгы үчүн курулган экен. 1991-жылы Балтика боюндагы өлкөлөр боштондукка советтик режимден бошонушкандан кийин коло айкел эстондор көзүнө чыгыш кошунасынын басып турган кезин эске салуучу айкелге айланган дешет. Саясий төбөлдөр ортосундагы талаш мына ошол эки башка баалулуктан улам келип чыкканы дайын болууда.

Эстониянын өкүмөтү коло жоокер турган жерде канча жолу эстон улутчулдары менен орус улутчулдарынын тирешүүсү чыккандыктан коомго коопсуздук туудурп атат деп чочулоо айтып келаткан. Ошондон улам айкелди көрүстөнгө коюу демилгеси пайда болгон. Анда ал жакта жашачу орустар аны күзөттөөгө ала баштаган. Бейшембиде, маселен, анын жанына чогулган орус жан орус тилиндегилер эсеби ырасмий маалыматта 1500дөй болгон. Алар менен кармашта 57 киши (алардын 13 полиция кызматкери – ММ) жабыр тартып, бирөө кайтыш болгон. Полиция 273 кишини кармаган.

Мурдатан кыртышы сүйбөй кабылдап келаткан орусиялык саясий төбөлдөр мындай кабарды кызуу кандуулук менен кабылдашты. Орусиянын федерациялык советинин төрагасы Сергей Миронов болсо Эстония менен алаканы такыр үзүүгө чакырды:

«Эстония менен дипломаттык мамилени үзүү боюнча маселени кароо үчүн орусиянын президенти Владимир Путинге сунуш киргизүүнү тура көрөр элем», - деди жума күнү эртең менен сенаторлорго кайрылып атып.

Боштондукка чыгаруу үчүн тургузулган эстеликти жок кылуу кеби өлкөдө эч убакта болбогонун Эстониянын премьер-министри Андрус Ансип айтат:
«Эстонияда кийинки согуштун жыйынтыгын, тырхты кайрадан карап чыгуу болуп аткан жери жок. Биз бул жерде жаткандарды көрүстөнгө кайра коюп, айкелди да ошол жерге орнотолу деп атабыз», - деген.

Бүгүн Маскөөдө Эстониянын ыйгарым элчиси Марина Кальюранд журналистер алдында жасаган билдирүүсүндө: «Биз дипломатиялык алаканы үзүүгө эч кандай негиз жок деп эсептейбиз. Биз эл аралык укук алкагында аракет жасап атабыз. Эстониянын ички иштерине эч кимдин кийилигишүүгө акысы жок. Биз башка мамлекеттердин коркутуп-үркүтүп, тукуруусуна моюн бербейбиз», - деген.

XS
SM
MD
LG