Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

20:20 Режиссер Садык Шер-Нияз көркөм фильминин тушоосун эртең кесет


БИШКЕК. 28-апрель күнү саат 13-00дө «Ала-Тоо» кинотеатрында «Айтыш фильм» киностудиясы режиссер Садык Шер-Нияздын толук метраждуу «Биринчи кадр» көркөм фильминин премьерасын өткөзмөкчү.

Автордун кыргыз киносундагы эң аз өздөштүрүлгөн түр - комедия жанрына кайрылуусуна бүгүнкү турмушубуздагы айласыз «күлкү материалынын» ченемсиз арбындыгы, ал эми адамдардын көкүрөгүндөгү рухий, байлыктын ордун күнүмдүктүн санаасы басканы түрткү берген.

Кинонун сюжетин дал ушул биз жашаган учур, коомдук түзүлүш, алтүгүл конкреттүү адамдар менен окуялардын түзгөндүгү, бул заманга, замандаштарга башка ракурстан – көркөм кино чекитинен туруп көз жиберүү далалаты.

Сюжет боюнча фильмде баяндалган окуя бир күн аралыгында болуп өтөт. Таң эртең киночулардын тобу кыялындагы шедеврди тартуу үчүн эң кымбат буюму – кинокамераны алып жолго чыгышат. Биринчи кадрды ийгиликтүү тартып бүткөн соң ырым кылып табак сындырып, жаңы тасманын ийгилиги үчүн куунак көңүл менен шампан ичебиз деген таттуу кыялга баткан топ бул күн алар үчүн күтүлбөгөн коркунуч, ый-күлкүсүн даярдап турганынан али кабарсыз… Бангизат ташыган контрабандисттер тууралуу боло турган «Тагдыр» фильми өзүнүн алгачкы күнүндө эле лирикалык чыгармадан үрөй учура турган фильмге айлана баштайт…

Комедиянын кейипкерлери да өзүбүз – милиция, саясатчылар, криминалдык «братоктор», журналисттер, врачтар, Омбудсмен, киночулар, барды-келди ой жоруган, эки тилде келегей сүйлөгөн, адамгерчиликтүү да алдамчы да, айтор, нукура бүгүнкү күндүн «баатырлары».

Негизги ролдорго Марат Жантелиев (Бопуш), Эгемберди Чалабаев, Акылбек Мураталиев, Айнура Тургунбаева (Сакиш), Асхат Сулайманов өңдүү чебер актерлор тартылган. Сценарйдин авторлору Садык Шер-Нияз менен Марат Алыкулов. Фильмдин музыкасын жазган белгилүү кинорежиссер, композитор - Эрнест Абдыжапаров.

«Биринчи кадр» студиянын өз каражатына тартылгандыгы да аны бир катар «спонсордук-гранттык цензура» илдетинен оолак кармап, идеялык эркин ой чабыттоосун сактап калган.

«Биринчи кадр» фильминин премьерасынан соң «Айтыш фильмдин» тунгуч картинасы, бир катар эларалык абройлуу кинофестивалдарлдын жеңүүчүсү режиссер Темир Бирназаровдун «Парз» кыскаметраждуу тасмасы жана жаш аниматор Изат Абдраимовдун «Гүл» мультфильми көргөзүлөт.

«Биринчи кадр» кинокомедиясы 28-апрелден тартып «Ала-Тоо» кинотеатрында Бишкектин тургундары жана меймандарына тартуулланган соң жакын аралыкта Республиканын бардык кинотеатрларына калктын калың катмарынын сыноосуна чыкмакчы.

Учурда киностудия Казакстандык инвесторлор менен бирдикте «Каратал» кинотасмасынын жана «Ой Арт» продюсердик борбору менен кызматташып «Революция тууралуу жети новелла» аттуу кыска метраждуу фильмдердин циклынын үстүндө иштеп жатат. Бул фильмдер 2007-жылдын сонуна чейин элге сунушталмакчы.

XS
SM
MD
LG