Башкы прокуратуранын имаратынын алдында «Кылым шамы», «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидерлери жана 19-апрелдеги окуяга байланыштуу камакка алынган үч атуулдун жакындары турушту. Алар Өмүрбек Абдырахманов, Өмүрбек Суваналиев жана Адилет Айтикеевге кандай айып, эмне себептен коюлганын билүү үчүн Башкы прокуратура аларды камоого берген санкциянын көчүрмөсүн алууну көздөөдө.
Камактагы Адилет Айтикевдин апасы Бурулкан Бейшеналиева төрт күндөн бери Бишкекте жүрүп, уулу менен жолугуша албаганын айтты:
«Мен 24-апрелде келгенден бери балама жолуга албай турам. Бүгүн саат экиде адвокат кирүүгө уруксат алдым деп жатат. Мен болсо балама жолуга албай, акыйкаттыкты талап кылып турам”.
Жума күнү кечке жуук «Атуулдук коом коррупцияга каршы» өкмөттүк эмес уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова башкы прокурордун кабыл алуусун талап кылып, анын кабылдамасында турду. Ал башкы прокурорго коюла турган талаптар тууралуу буларды айтты:
«Эмне себептен Башкы прокуратура 237 берене боюнча кылмыш ишин ачты? 19-апрелде андай болгон эмес. Экинчиден, эмне үчүн УКМКа адвокатка жолугушууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Бул эмне деген мыйзамсыздык. Бул 1937-жылдагыдай адамдардын укуктарына балта чапкан эмне деген УКМК? Ушуларга байланыштуу башкы прокуратурага көзөмөлдөөчү орган катары кайрылып, акыйкаттыкты ордуна коюуну талап кылып жатабыз. Биз УКМК менен Башкы прокуратура сотко берүүгө даярбыз».
Түшкү саат экиде «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке сурак бергени келди. Ал абактагыларды бошотуп, алардын ордуна өзүн камакка алууну сунуштап жатканын билдирди:
«Адамдар мыйзамсыз кармалды. Эгерде бийлик келечекте жоопкерчилигин жеңилдетүүнү кааласа, анда көбүрөөк күнөөсүздөрдү бошотуп, бир күнөөсүздү камакка алсын, мына ошондо кийин жооп берүүгө жеңил болот. Мен мына ушундай принципти аларга сунуш кылып жатам. Эгерде алар мени уюштуруучу деп жатса, анда бардык айыпты мага жүктөсүн. Мен баарына жооп берем. Анткени күнөөсүз экенимди билемин. Биздин аракеттерибиз мыйзамдуу болгон. Конституциялык реформаны талап кылганбыз. Азыркы кезде ал талаптар туура экенине ого бетер ынанып турабыз».
«Арнамыстын» лидеринин айтымында, саясий куугунтуктоо күчөй берсе, анда партия өз мүчөлөрүн Акаевдын мезгилиндегидей жашыруун иштөөгө өткөрөт.
Бирок партиянын активистери ачык иштей бермекчи.
Феликс Кулов менен кошо Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратына анын мурунку адвокаты Любовь Иванова кирип чыкты. Адвокаттын айтымында, сурак бир жарым саатка созулду. Сурактын учурунда Феликс Кулов үч адамдын ордуна аны камакка алууну сунуштады. Бирок тергөөчүдөн ага жооп болгон жок. Ошондой эле Фелик Куловго сурак учурунда айып да коюлган жок.
Акыркы маалыматтарга караганда, «Ата мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди премьер-министр Алмазбек Атамбаев, президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов жума күнү кабыл алып, абактагы атуулдага карат баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин талкуулады. Бийлик өкүлдөрү Абдырахманов, Суваналиев жана Айтикеевге көрүлгөн чараны өзгөртүүгө көмөк көрсөтүүгө убада беришкен.