Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:47

Тажик бийликтери карапайым адамдардын укуктарын коргоого киришүүдө


Тажик соту кечээ күнү эки милицияны ар бирин эки жылга эркинен ажыратууга кести, январ айында алар - колго түшкөн 16 жашар баланы сабап, электир тогу менен кыйнаган деп күнөөлөнгөн. "Тергөө учурунда милициячылардын күнөөсү далилденди, ал 16 жашар жигит күнөөсүздөн кармалган жана кыйноого алынган, ошондуктан мыйзам бузулган. Мындан ары биз Душанбе шаарынын тургундарынын укуктарын талаптуу деңгээлде коргойбуз", - деди шаардын прокурору Курбонали Мухаббатов. Дагы бир милициячы 1700 долларга тете айып төлөөгө кесилди. 2004-жылдан бери тажик соттору кыйноо маселеси боюнча 160 иш карады.

XS
SM
MD
LG