Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Миклош Харашти кечээ күнү Баку шаарында Азербайжан президенти Илхам Алиев менен жолукканда, өлкө журналисттерин куугунтуктоого мораторий салыш керек деп билдирди. Азыр Азербайжанда беш журналист камакта отурат жана дагы 12 адам сот чечимин күтүүдө. Уюмга мүчө болуп кирген 56 мамлекеттин биринде да мынчалык көп журналист куугунтукка алынган жок. Азербайжандагы абалды кечээ күнү "Хюман райтс вотч" уюму дагы Нью-Йорк шаарынан сынга алды.