Ирактагы америкалык аскерий жетекчиликтин айтымында, кечээ күнү - өлкөгө чет мамлекеттерден бомба алып келүүгө катышкан кылмыштуу топ кармалды. Алар негизинен жергиликтүү жоокерлерди курал менен камсыз кылган жана ал куралды кошуна Ирандан алып келип турган. Айрым бомбалар жарылганда чопкут машинелерге да зыян тийгизе алчу жана америкалыктар мурда эле - андай курал сыртта жасалган деп шек саначу. 2004-жылдан бери андай бомбалардан Иракта 170 америкалык аскер курман болду.