Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Учурда Тимур Камчыбековго карата кылмыш жаза кодексинин “Бейбашчылык” жана “Бийлик өкүлүнө баш ийбөөчүлүк” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Т.Камчыбековдун жактоочулары муну бийликтин буйрутмасы катары баалашып, саясий куугунтук токтобосо, толкундоонун жаңы агымы башталаарын айтып чыгышты.(YA)
16:05 “Марттагы элдик ыңклап” коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков камакка алынды