МОСКВА. Россия Эстониядан Таллинде болгон кагылышууда курман болгон россиялык жарандын өлүмү боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылып жатат. Москва ошондой эле Таллиндеги окуяларга эл аралык коомчулук тарабынан тийешелүү баа бериле турганына үмүттөнүп жатканын билдирди. Москвада эстон элчилигинин алдында митингдер өттү. Өткөн түнү Таллинде тополоң уланып, митингчилерге каршы желим октор жана суу аткычтар колдонулду. 70тен ашык киши жарадар болду. Айрым маалыматтар боюнча 700дөн ашык киши камакка алынды.