Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

МАРКУМДАРДЫН МҮРЗӨСҮН КОТОРГОНДО ЫЙМАНЫ САЛАМАТ БОЛОБУ?


Баян Жумакадыр кызы, Прага Өткөн түнү Эстонияда болгон баш аламандыктардан кийин эстон бийликтери кылмыш ишин козгодү. 600дөн ашык адам баш аламандыктарды уюштурган жана ага катышкан деген шек менен камакка алынды.

Тополоңго себеп болгон эстелик Улуу Ата-Мекендик согушта Эстонияда фашисттик баскынчыларга каршы согушуп, курман болгон советтик солдаттарга тургузулган. Солдаттын коло айкели курман болгон жоокерлер чогуусу менен койулган мүрзөнүн үсүнө орнотулган. Тополоңдун мындан ары күчөшүнөн кооптонгон бийликтер эстеликти тездик менен белгисиз жакка алып кетишти.

27-апрелге караган түнү казылып, белгисиз жакка алып кетилген эстеликтин эмне болгону белгисиз. Эстониянын коргоо министрлиги эстелик устаканалардын биринде реставрацияда турат жана анын тышкы келбети өзгөртүлгөн жок, деп ишендирүүдө. Бийликтин айтымында, эстелик Сиселина деген аскердик мүрзөгө курман болгон солдаттардын сөөктөрү менен бирге урматтоо менен орнотулат.

26-апрелде күндүз башталган митинг адегенде тынч өткөн. Бирок кечинде митингге жумуш күнү бүткөн соң дагы бир нече миң адам келип кошулуп, абал курчуп кеткен. Полициянын айтымында баш-аламандыкка демонстранттардын полицияны бөтөлкөлөр жана таштар менен ургулай баштаганы себеп болгон. Ал эми митингчилердин өздөрү болсо саат тогуз жарымдарда полиция митингди күч менен таркатууга киришкенин айтып жатышат. Аянттан сүрүлүп ташталган жүздөгөн митингчилер шаардын борбор көчөлөрүн кыдырып, дүкөндөрдүн терезелерин кыйратып, машинелерди төңкөрүшкөн.

Тополоңдо 70тен ашык киши жаракат алды. Бычак жеген бир киши ооруканадан курман болду. Божомолдор боюнча, ал адам дүкөндөрдү талкалап жаткан демонстранттар менен дүкөн ээлеринин салгылашында курман болгон болушу мүмкүн. Бийликтер тополоңдон алдын ала эсептер боюнча 1 млн. 700 миң доллардан ашык зыян келтирилди, деп жатышат.

Россиянын тышкы иштер министри Таллиндеги окуялар эки өлкөнүн мамилелерине гана эмес, Россиянын НАТО жана Еврошракет менен болгон алакаларына терс таасир этет, деп эскертти. Ал эми Россиянын Мамлекеттик Думасында Эстония менен дипломаттык мамилелерди токтотуу, өлкөгө каршы экономикалык санкцияларды киргизүү сунуштары айтылып жатат. Курман болгон "советтик солдаттардын арбайына акаарат келтирип жаткан" эстон саясатчыларына Россияга кирүүгө тыйюу салууга чакырып жаткандар да бар.

Бирок Эстониянын коргоо министрлигинин өкүлү Мадис Микко:
- Эстония тарыхты кайра жазып чыгууга аракеттенген жери жок, ал согуш эстелигин бузалы, деп да эч качан айткан эмес. Болгону бул жерге пропаганда максаты коюлган солдаттардын арбагы эч качан тынч ала албайт. Алар көрүстөнгө коюлганда ыйманы тынч жатат. Маселе, мына ушунда,- деп айтты.

XS
SM
MD
LG