Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:14

10:37 №40 Отузадыр жана №57 Кемин шайлоо чөлкөмдөрүндө шайлоо участкалары ачылды


Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргени боюнча, бүгүн эртең менен саат сегизде №40 Отузадыр жана №57 Кемин шайлоо чөлкөмдөрүндө шайлоо участкалары ачылды. №40 Отузадыр шайлоо чөлкөмү боюнча алты талапкер, №57 Кемин шайлоо чөлкөмү боюнча 13 талапкер ат салышууда. Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Бермет Акаева ат салышуудан четтетилген. Шайлоо чөлкөмдөрүндө талапкерлерден, саясый партиялардан жана коомдук бирикмелерден байкоочулар катышууда. Мындан тышкары шайлоо участкаларына эл аралык байкоочулар да барышат.
Буга чейин Отузадыр шайлоо чөлкөмү боюнча депутат Муратбек Малабаев, № 57 Кемин шайлоо чөлкөмүнүн кызыкчылыктарын парламентте Айдар Акаев көрсөтүп келишкен. 2006-жылы БШКнын чечими менен экөө тең депутаттык мандатынан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG