Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:22

БИШКЕКТЕ БИРИНЧИ ИРЕТ АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ БОЛОТ


8-майдан 13-майга чейин Бишкекте Кыргызстандын тарыхында алгач ирет эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты өткөрүлгөнү камылга көрүлүүдө. Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатын Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан менен Өзбекстан гана өткөргөн.

Мындан төрт жыл мурда Азия чемпионатын өткөрүүгө талапкер 8 шаардан Бишкек тандалып алынып, Кыргызстандагы күрөшкө болгон кызыгуу эске алынган.

ХХ Азия чемпионатын өткөрүү боюнча өкмөт тарабынан уюштуруу тобу түзүлүп, акыркы камылгалар көрүлүүдө.

Вице-премьер министр Досбол Нур уулунун айтымында даярдыкты өлкө башчысы өзү көзөмөлгө алып, ачылыш салтанатына катышмакчы.

Бишкекте өтө турган Азия чемпионатына спорттук өлкө аталган Кытай, Түштүк Корея, Жапония, Иран, Казакстан баш болгон 21 мамлекеттен балбандар келүүгө ниет кылып жатышканын, дүйнөгө таанымал эки жүздөн ашуун балбандар күч сынашаарын өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын жетекчиси Мелис Тургунбаев билдирди.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун пикиринде чет өлкөлөрдөн келүүчү кадырлуу меймандарга, спортчуларга бардык шарт түзүп, кыргыздын меймандостук салтын көргөзүүгө аракеттер көрүлүүдө.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касеновдун айтымында, Азия чемпионатына шайма-шай даярдык көрүү үчүн өкмөт тарабынан каражат маселеси толук чечилбей турат^

- Уюштуруу ишинин көбүн карызга жасатып, аларга учурунда бере албай намыстанып турабыз.

Кыргызстандын грек-рим күрөш федерациясынын президенти Бейшен Абилдаевдин пикиринде өлкөнүн намысын даңазалуу балбандар, дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрү, 14-15- Азия оюндарынын күмүш, коло байге ээлери Канат Бегалиев, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев, Руслан Түмөнбаев, Нурбек Ибраимов жана башкалар коргойт.

Бишкекте өтө турган ХХ Азия чемпионатына эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэль Мартинетти жана Азия федерациясынын жетекчиси Ким Чан Гю баштаган расмий делегация да келет. Ошондой эле Эл аралык күрөш федерациясынын президенти Рафаэль Мартинетти Кыргызстанда күрөштү өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн президент Курманбек Бакиевге ушул федерациясын сыйлыгын тапшырат.

Азиялык таймашууну өткөрүү үчүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосу ремонттон өткөрүлүп, каражат маселеси чечилсе гана камылга 3-майга чейин бүтөөрүн ушул жайдын жетекчиси Болот Сулайманов билдирди.

Себеби Азия чемпионатын өткөрүү үчүн өкмөт тарабынан бөлүнгөн 3 млн. сомго жакын каражат алигиче мелдешти уюштуруучулардын колуна бериле элек.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG