Бул тууралуу билдирген округдук шайлоо комиссиясынын төрагасы Абдыманап Сатаев түшкү саат экиге карата шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жалпы деңгээли болгону 23, 3 пайызды түзгөндүгүн айтып, буга айрыкча тышкы миграциянын күчөгөндүгү жана шайлоочулардын учурдагы дыйканчылык иштер менен көбүрөөк алек болушуп, добуш берүүгө келбей жаткандыгы себеп экендигин белгиледи. Депутаттыкка талапкер катары алты адам катталган. Алардын көпчүлүгү жеке ишкерлер. Расмий маалыматка караганда, Отузадыр шайлоо округу боюнча 41 миң 331 адам шайлоочу катары катталган. (KJ)