ПАРИЖ. Гуманитардык уюмдун кызматкери, Франциянын жараны Селин Корделье Ооганстандагы барымта туткундан бошотулган соң мекенине кайтып келди. Муну Франциянын Ооганстандагы элчилиги ырастады. Аны менен мындан үч жума мурда туткундалган төрт кесиптеши барымтада кала берүүдө. Барымтачылар Франциядан аскерлерин Ооганстандан чыгарып кетүүсүн талап кылып жатышат.