Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:02

МОСКВАДА УЛУУ ТАЛАНТ РОСТРОПОВИЧТИН СӨӨГҮ ЖЕРГЕ БЕРИЛДИ


Муса Мураталиев, Москва 29-апрелде Москвада атактуу музыкачы Мстислав Ростроповичтин сөөгүн Новодевиче көрүстөнүнө коюу ырасмиси болду. Дүйнөгө аты кеңири белгилүү музыкачынын табыты ишембиде Москвадагы консерваториянын чоң залына коюлуп, маркум менен коштошуу каадасы өткөрүлгөн. Ага беш миңдей киши келип алардын бири - президент Владимир Путин жана өкмөт мүчөлөрү болушкан. Улуу музыкачынын бейити Новодевиче көрүстөнүнүн борбордук аллеясына, Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин бейитинин жанына казылган. Мстислав Ростропович жума күнү 81 жаш курагында узакка созулган оорудан соң дүйнөдөн кайткан.

Мстислав Ростроповичтин виолончелде ойногонун уккандар аны гениалдуу музыкачы эле дешет.
Маэстронун башка таланттарга көргөзгөн жардамын да көп айтышат. Ал 1950-жылы Сталиндик сыйлык алып, бийликке кеби өтүмдүү болуп турганда, аты жаңыдан чыгып келаткан Александр Солженицинди бийлик куугунтуктай баштаганда аны коргоймун деп Кремлдин каарына калыптыр. Ал Брежневдин тушуна дейре созулуп, акыры бир жолу Мстислав Ростропович жубайы – опералык ырчы Галина Вишневская менен концерт бергени чет өлкөгө чыкканда бийлик аларды советтик атуулдуктан ажыратып салган. Ошентип мекенине кайтып келе албай калышкан алар четте жашоого аргасыз болуп, акыры алар 1990-жылы бийлик Михаил Горбачевдун колуна өткөндө гана кайра орусиялык атуулдукка ээ болушкан.

Ал жылдары журналисттер менен бөлүшкөн пикиринде атактуу музыкачы Мстислав Ростропович дайыма жүрөгүндө эли-жери турарын айткан:

- Биз ойногондо залда олтурбаган замандаштарыбыз үчүн, аларды эсибизге алып, алар үчүн да ойнойбуз,- деген маэстро.

Орусиялыктар эсинде улуу талант коомдук ишмер жана адам укугун коргоочу катары да калды дешет.
1927-жылы 27-мартта Баку калаада музыкачылар үй-бүлөсүндө туулуп, жаш кезинен өзгөчө таланты менен айырмаланган, көзү тирүү кезинде легендага айлаган виолончелде ойноочу, дирижер жана пианист Ростропович түбөлүк жатчу жери - жакында көзү өткөн Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин бейитинин 15 метр жанына казылыптыр.
Анализчилер муну маэстронун 1991-жылы орусияда бийлик алмашуу болуп атканда Парижде өтүп аткан концертин таштап салып, түнката учуп келип демократтар менен ийиндеш туруп «Ак үйдү» коргошунан улам болду дешет. Ошондуктан замандаштары аны: «элдин руханий эркиндигин коргоочу» - деп атап алган эле дешет. Мастердин шакирти таанымал музыкачы Денис Шаповалов айтканга караганда өлкө орду толбос жоготууга дуушар болду:

- Бийликтин башында турган адам кайтыш болгондо бир мамлекет, бир эл жоготууга учурайт, ал эми Ростроповичтин кайтыш болушу - бүткүл адам балсын жоготууга учуратты.

Ростропович өзү айтканга караганда анын чыгармачылыгына композиторлор Сергей Прокофьев, Дмитрий Шостакович жана Бенжамин Бриттен таасир этишкен. Ошондой эле Ростропович атактуу музыкачылар Святослав Рихтер, Эмил Гилельс жана Леонид Коган менен чогуу иштеп келген.

ИТАР-ТАСС агенттигине айткан пикринде жазуучу Александр Солженицын: «Мстислав Ростроповичтин кайтыш болушу – биздин маданиятыбыз үчүн албан сокку болду»,- деген.

XS
SM
MD
LG