Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ

1-майдан тартып, 3-майга чейин кыргыз улуттук драма театрында белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев “Май айы махабатым” аттуу концерт берет. Ага бир катар жаш ырчылар жана “Жетилдик” тобу катышат.

Талас облусунда “Талас таланттары” аттуу кароо жүрүп жатат. Аталган облустун шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Бактияр Абдыкадыровдун билдиргенине караганда сынактын катышуучулары 1-майда өнөрлөрүн тартуулашат.

Жуманын шаршембисинде Бишкекте жеңиш күнүнө арналган кинофестиваль башталат. Бул иш-чараны Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги улуу жеңиштин 62 жылдыгына арнап уюштурууда. Аталган элчиликтен билдиргендей кинофестивалдын алкагында согуш темасындагы кинотасмалар көрсөтүлөт. Атай кетсек “Беларус бекети”, “Каркыралар учушат”, “Жоокердин атасы” жана башка фильмдер.

3-майда улуттук тарых музейинде согуш жана эмгек ардагерлеринин “Кызыл гвоздика” фестивалынын галла концерти өтөт. 4-майдан тарта кыргыз улуттук драма театрында ырчы, обончу Айбек Карымовдун жеке концерти башталат.

Россия кинотеатрында Камат Касенов тарткан “Арман” аттуу көркөм тасма жүрүп жатат. Фильмде ата-энесинен эрте ажырап, ар бөлөк үй-бүлөдө өскөн эки бир туугандын турмушу чагылдырылат. Бул тасма 15-майга чейин көрсөтүлөт.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде Эркин Болжуров, Игорь Сапожников, Александр Федоров жана башка бир катар сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө жүрүп жатат. Анда түрдүү темадагы сүрөттөр коюлган.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
Куржундар
XS
SM
MD
LG