Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

14:20 Коомдук телевидениенин байкоочулар кеңешине дайындоонун жол-жобосу талкууланды


Коомдук телевидениге шайлануучу байкоочулар кеңешине бийлик өздөрүнүн адамдарын түртүшү мүмкүн. Мындай пикир бүгүн Жарандык коомдор өткөргөн тегерек үстөл жыйынында айтылды. Алардын пикиринде коомдук телевиденин байкоочулар кеңешине көз карандысыз, адилет, калыс адамдарды шайлоонун жолдорун табуу зарыл. Маалым болгондой коомдук телевидениенин байкоочулар кеңешине президент тарабынан он, парламент тарабынан он өкүл сунушталат. Ал эми жарандык коомдордон, бейөкмөт уюмдардан, саясий партиялардан жана бизнес чөйрөсүнөн көрсөтүлгөндөрдүн чеги болбойт. Аларды парламент алдындагы профилдик комитет иргеп чыгат да, парламенттин кароосуна коет. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн Жогорку Кеңеш бекитет.Мыйзамга ылайык саясий партиялардын лидерлери, мамлекеттик кызматта жана парламентте иштегендер байкоочулар кеңешине шайланбайт. (AJ)

XS
SM
MD
LG