Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:52

7:00 Кеминдеги шайлоодон чыккан талашты иликтөө үчүн БШК атайын топ түздү


БШКнын беш мүчөсүнөн турган топ маселени иликтөө үчүн бүгүн Кемин округуна барат. Мындай чечим БШКнын кечээки жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШК төрайымы Айчүрөк Эшимова билдирди. Анын айтымында, бул топ Кеминде өткөн шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу талапкерлерден, байкоочулардан түшкөн арыз-даттануулардын баарын иликтөөгө алмакчы. Айрым байкоочулар кечээ бул округдагы шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун, төрт участкадан келген бюлеттендерде миңден ашуун айырма чыкканын айтышкан. Ушул жекшембиде аталган округда Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн шайлоо өтүп, анда 13 талапкер ат салышкан. (SM)

XS
SM
MD
LG