Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:04

КЫРГЫЗСТАН-КАЗАКСТАН:ЖАҢЫ КЕЛИШИМДЕР ЭМНЕ БЕРЕТ?


Президент Нурсултан Назарбаевдин Бишкекке сапары учурунда Кыргызстан менен Казакстандын саясий, экономикалык, коопсуздук багытында кызматташуусун координациялай турган Мамлекеттер аралык жогорку кеңеш түзүлдү. Бул кеңештин ишин эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда түзүлгөн тышкы иштер министрликтеринин кеңеши жүргүзөрү маалымдалды. Эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын үстүндө боло турган бул жаңы органдарды түзүүнүн максаты эмнеде?

Кыргызстан Казакстанга көп нерсе боюнча көз каранды. Бул эмгек мигранттары, Казакстан аркылуу Россия жана башка мамлекеттерге чыгуу муктаждыгы. Ал эми Казакстандын Кыргызстанга суу боюнча кайрыла турган жайы бар.

Мына ушундай жагдайда эки өлкө интеграция үчүн үчүнчү кадамды таштады.Санап айтканда, алач эки мамлекет Түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол койгон. Андан кийин 2003-жылдын декабрь айында Союздаштык мамиле жөнүндө келишимге жетишилген. Эми Мамлекеттер аралык жогорку кеңеш түзүлүүдө.
Бул келишимдерге жетишүүдө эки тараптын тең өзүнчө кызыкчылыгы бар экендиги айтылууда. Кыргызстан албетте эмгек мигранттарына шарт, транспорттук коридор, инвестиция алууга умтулууда.

Ал эми Казакстандын кандай максаты бар?
Астана буга чейин Борбор Азиялык суу-энергетикалык консорциум түзүп, анын башкаруусуна Токтогул каскадындагы ГЭСтерди, сууу сактагычты киргизүүгө аракет жасаган. Бирок андан натыйжа болгон эмес. Эми мамлекеттер аралык Жогорку кеңеш аркылуу мына ошол максатына жетишүүгө аракеттенип жатабы? Кыргызстандын Евразия экономикалык шериктештигиндеги вице премьер-министр даражасындагы мурунку өкүлү Базарбай Мамбетов мына ушундай деп баалоо туура дейт:

-Ошондой деп бааласак болот. Быягынан чечилбесе тигил жагынан Жогорку кеңеш кылып туруп, чечебиз деген аракеттери бар.

Базарбай Мамбетовдун пикиринде эки өлкөнүн интеграциялык аракетинде натыйжа жок:

-Бул интеграцияны иммитациялоого окшош. Конкреттүү түрдө эч нерсе чечилбей жатат. Азыр биз Казакстанга караганда Россиядан үч-төрт эсе пайданы да, жакшылыкты да көп көрүп жатабыз.

Мисал катары Мамбетов 2003-жылдагы келишимге ылайык Казакстан эмгек мигранттарынын укугун казак атуулдарына теңдөө,темир жолго ички тарифти берүүнү, күйүүчү май, газ жагынан кемчилик болбойт деп убада берген. Бирок беш-алты айдан кийин булардын баары жокко чыгарылды, дейт Мамбетов.

Өлкөдөгү белгилүү саясат таануучулардын бири Орозбек Молдалиев мындай келишим түзүүгө башка себептер бар экенин атайт:

-Бул жерде бир нерсени эске алышыбыз керек, Казакстан Борбор Азиядагы башка мамлекеттерден айырмаланып, сырткы күчтөрдүн геосаясий басымына туш келип калды. Мунун себеби Казакстанда мунайдын абдан чоң кору бар экендигинде.Казакстан бул жерде жалгыз экенин сезип, интеграцияга таянып гана туруштук берүү мүмкүн экенин байкап,Назарбаев ошол багытта аракет кылып жатат.

Орозбек Молдалиевдин айтымында, мындай шартта Кыргызстандын тышкы саясаты абдан ийкемдүү болуп, өзүнүн кызыкчылыгын чыныгы өнөктөш аркылуу коргоп алыш керек.

Бул саясат таануучулардын пикиринде, Казакстан менен Кыргызстандын демилгесин Өзбекстан, Түркмөнстан колдоосу күмөндүү. Дегеле Борбор Азия регионунун Европа Биримдигиндей тыгыз интеграцияга баруусу үчүн саясатчылардын жаңы мууну келиш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG