Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

НАКЕН КАСИЕВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА БОЛМОЮНЧА КЫРДААЛ ТЫНЧЫБАЙТ


Маектешкен Бурул Сарыгулова, Бишкек “Элет» партиясынын жетекчиси Накен Касиев апрель акциялары жана андан кийинки кырдаал тууралуу «Азаттык» менен ой-пикир бөлүштү.

-11-апрелден 19-апрелге чейин мөөнөтсүз митинг болду. Ушул апрель митингдеринин өзгөчөлүгү эмнеде өксүгү эмнеде болду?

-Ошол митинг өтүп кеткенден кийин сындагандар көп болуп жатпайбы. Бирөө айтат оппозиция утулуп калды, бирөө айтат бул оппозиция ушуну менен жок болду, утулуп калды, өлдү деп. Бирок кандай күн болгондо да бул демократиянын бир жогорку деңгээлинде өткөн чоң митинг. Ошол митингге чыкпай калган менен үйүндө отуруп колдогондор көп болду. Ошол митингдин эң негизги маселелерин жактырган адамдар да көп. Анын баары аянтка чыккан жок. Чыга да алышкан жок. Бирок, ошондой болсо дагы жетишкен жагы, биринчиден, тынчтык жолу менен аяктады. Кандай болгон күндө да аянтта 8-9 күн айылдан келген эл болду. Шаардан болду. Ошолор жакшы тынчтык менен өткөрүп беришти. Өздөрүнүн талаптарын коё алышты.

-Катачылыгы кайсы?

-Эми эл көп топтолгон жерде катачылык болот да. Кээ бир саясатчылар айтып жатат, ошол оппозициянын лидерлеринин арасында бири-бири менен пикир келишпестиктер болуп кетти деп. Мүмкүн кээ бир тактикалык жагынан болгону менен жалпысынан алар бир максат менен болду. Көпчүлүк болгондон кийин, лидерлер көп болгондон кийин ар биринин өзүнүн амбициясы бар экен да. Ошолор билинип турду. Мен муну ушул этаптагы жетишпегендик деп айтсам да болот. Бирок, келечекте алардын башын кошо турган бир ойлонуп, анализ кыла турган чоң фактор катарында эсептейм.

- 19-апрелде милиция тарабынан массалык баш аламандык болду деп митингчилер кууп, таркатылды. Чын эле өкмөт үйүн басып алуу аракеттери бар беле? Эмне себептен ушундай кырдаал келип чыкты?

-Менин көз карашым мындай. Менимче, бул жерде Акүйдү басып ала турган, же болбосо бийликти мыйзамсыз күч менен тартып ала турган эч кандай ойлор жок болчу. Фронттун штабына кирип такай жүрбөсөм дагы мен четинен билип, туюп турдум оппозициянын лидерлери кандай иш кылып жатканын. Андай ой жок болчу. Керек болсо бул тууралуу анекдот айтпагыла деп Куловдун айтып жатканын мен өз кулагым менен угуп, көргөнмүн. 40-50 миң киши келген күндө деле Акүйдү алып койсо болмок да, туурабы. Булар мөөнөтсүз тынчтык менен көпкө чейин созулган митингдин негизинде жана жогоруда айтылгандай Конституциянын эң негизги реформасын өткөрүп алуу бийлик бутактарынын ортосундагы таразаны калыптандыруу, келечекте Кыргызстандын өсүшүнө экономикалык көмөк түзүү ой-максаты бар болчу.

- "Массалык баш аламандык" деген факты боюнча козголгон кылмыш иши боюнча оппозициянын лидерлери ошол митингди колдогон тараптардын бир топтору суракка алынды. Үчөө камакка алынып, кечээ депутаттардын кепилдиги менен чыкты. Суракка алынгандардын бирөө сиз болдуңуз. Ушул жөнүндө айтып берсеңиз? Кандай негизде чакырышты? Бүгүнкү күндө кайра чакыра элекпи?

-20-апрель күнү Улутттук коопсуздук кызматынын жигиттери мени алып кетишти. Суракка алды бир эки саатка жакын. Сурактын негизги суроолору “эмне деген партиянын өкүлүсүз”, “Cиз фронтто болгонсузбу”, “Канжар” деген кандай уюм” , “митингде болгонсузбу” деген суроолор берилди. Болгонун болгондой айтып бердим. Митинге байланыштуу көптөгөн суроолор болду. Башка да суроолор берилди. Кыскасы, элүүдөн ашык адамды чакырып алып сураптыр. Эми мындан кийин качан чакырат, кандай кылып сурак кылат. Биз анысына даярбыз. Демократиянын убагында ар бир Кыргызстандын атуулу эң жогорку мыйзамыбыздын негизинде өзүбүздүн оюбузду ачык айтып бергенге укугубуз бар. Эгер андай укугубуз болбосо, анда 1937-жылкы СССРдин убагындагы мамлекет болобуз. Анда бизде репрессия артынан репрессия болот. Менин угушумча ошол элүүдөн ашык адамдан сырткары азыр айыл-айылдарга чейин барып дагы кээ бир адамдарды кысымга алып суракка алып жатыптыр. Мунун өзү жакшылыктын жышааны эмес.

- Сизге айлана тегереңизде сиздин санаалаштарга карата куугунтук болуп жатат деп айта аласызбы?

-Эми мен ошол КГБнын имаратына барып эки сааттан ашык сурак бергенден кийин мен өзүмдү моралдык жактан ошондой сезип жатам. Менин артыман аңдышып, суракка алгандан кийин ушундай кысымга алуу процесси моралдык жактан жүрүп жатканын мен билип, туюп турам. Эми андан кийинкиси кандай болоор экен аны көрө жатарбыз. Бирок, эгер биз чындап эле демократиялуу өлкө боло турган болсок, башкача жол менен жашашыбыз керек. Башкача Конституция менен жүрүшүбүз керек.

- Маркум Бектемир Акуновдун өлүмүнө байланыштуу сиз адис катары барып келдиңиз. Ал боюнча пресс-конференция да бердиңиз. Бул өңүттө акыркы жагдай менен таанышып көрдүңүзбү? Эмне болуп жатат?

- Анатомиялык, кистологиялык изилдөөлөрү жүрүп жатат деп угуп жатам. Мени эми ага аралаштырышкан жок. Лабораторияда жүрүп жатыптыр. Анын жыйынтыгын мага да көргөзүшкөн жок. Эми менин барып келишимдин себеби, биринчиден, ошол жердеги эл өтүнүп калды.Экинчиден, бул менин өзүмдүн алыскы тууганчылык жайым да бар экен. Ал кишинин үй бүлөсү менден суранып калды өзүңүз катышып бериңиз деп. Реалдуу түрдө катыштык. Болгонун болгондой мен пресс-конференцияда айттым. Кандай болгон күнү да Бектемир Акунов милицияда жатып, камоодо жатып, курман болгондон кийин ал кишинин эмне себептен каза тапканын аягына чейин жакшылап иликтеш керек. Ал дагы өзүбүздүн атуулубуз. Ага баардык реалдуу түрдө мамиле кылыныш керек. Анан эгер тергөөчүлөр өзү мойнуна көйнөгү менен асынып өлүп калды деген күнү дагы тергөөчүлөр дагы аныгына чейин чыгып, ошого мажбурлаган ким болгонун да такташ керек да. Эгер чын эле ошондой жагдай болуп калганда да суроо ачык бойдон туруп жатат. Бирок, мен оюмду дарыгер катары, атуул катарында анын сөөгүн ачкан кездеги экспертизага катышкан адам катарында пресс-конференцияда ачык айтканмын. Ошол ойдо турам бүгүн дагы.

- Бир топ укук коргоочулар 19-апрелде мыйзам бузулган эмес, массалык тартип бузуу болгон жок деп айтып жатышат. Буга салыштырмалуу 24-мартта 2005-жылы массалык баш аламандык болгон. Мыйзам бузуу болгон. Эгер андай болгондо 24-мартты ириде иликтеш керек деп. Мындай сөздөрдү, албетте, оппозиция өкүлдөрү да айтып жатышат. Укук коргоочулар акыркы мезгилде чындыгында эле 19-апрелде эч кандай деле мыйзам бузуу болгон жок деп айтып жатышат. Сиздин көз карашыңызда мыйзам бузуу болдубу же болгон жокпу?

- Юридикалык тараптан эми менимче март айы менен апрель айын салыштырсак экөөнүн айырмасы асман менен жердей. 24-мартта үч күн көчөлөрдө талап-тоноо жүргөн. Көчөдө биздин атуулдар баса албай калган. Канча адам кан төгүп кетти. Адамдар да өлүп кеткен. Ал эми бул 19-апрелдеги милициянын элди тараткан учурда гана ызы-чуусу болбосо, менимче, март айындай баш аламандыктар болгон жокко деп ойлойм. Ошол учурда мен аянтта болгон жокмун. Аны телевизордон гана көрүп калдым. Аралашып көрбөгөндөн кийин мен аны ачык айта албайм. Бирок, азыр өтүп кеткенден кийин салыштырып көрсөм, 24-марттагы окуя менен 19-апрелдеги окуя асман менен жердей.

- Азыр эми дагы эле Конституциялык реформа токтоп калган сыяктанып турат. Кээ бирөөлөр айтып жатат. Бийлик жеңишке жеткендигин майрамдап жатат деп. Бирок, апрелде митинг милиция тарабынан кууп, таркатылгандан кийинки жагдайды эске алганда, кризистен бийлик менен оппозиция кантип чыгыш керек?

-Менимче, кандай болгондо да Конституциянын реформасы- эң негизги маселе. Ушуну менен такалып жатат. Кээ бир бийлик тараптагы саясатчылар айтып жатат: Элге, журтка Конституциянын эч кажети жок эле, муну оппозиция ойлоп чыгып, бийликке келиш үчүн гана аракеттин бир амалы” деп. Мен бул ойдон алысмын. Кандай болгондо да Кыргызстанда башталган Конституциялык реформа аягына чыгыш керек. Үч бийликтин ортосундагы эң негизги маселе - бул алтынчы берененин тегерегинде сөз болуп жатат. Ошону калыптандырып, элибизге, журтубузга коррупциядан алыс, авторитардык режимден четке калыстык менен мамиле кыла турган мамлекет түзүшүбүз керек. Конституцияны ошон үчүн аягына чыгарыш керек. Премьер-министр Алмаз Атамбаев мырза өзүнүн сөзүндө көп жолу бул тууралуу айтып жатат "Реформа сөзсүз болот, сөзсүз аягына чыгабыз" деп. Эми бүгүн оппозицияны 19-апрелде тараттык, элди кубалап жибердик деген маанай менен уткан өңдөнүп, компоюп отуруп албай ошол конституциялык реформаны аягына чыгарбаса, менимче бүгүн болбосо эртең, эртең болбосо бүрсүгүнү бул проблема козголо берет. Митингдерди токтотуш үчүн ушунун аягына чыгып, чекит койбосо, бизде эч убакта тынчтык болбойт.

- Президент ушундай кадамга барат деп ишенесизби?

- Мен ойлойм барат деп ишенем. Себеби, президенттин башка жолу жок. Эгер президент кечээки эле Конституцияны кайра чакыртып алса, бул бир эки айдан кийин эле бул маселе кайра козголот. Бүгүнкү оппозиция мейли бул саясий талаадан кетсин. Башка оппозиция пайда болот. Күчтүрөөктөрү келет, акылдуулары келет. Конституциялык реформаны аягына чейин чыкмайынча бул процесс токтобойт.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG