Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

SOS! КЫРГЫЗСТАНГА АКЫЛ КЕРЕК!


«Общественный рейтинг» гезитиндеги «Гондурас Кыргызстанды эми кантип кууп жетет?» деген макаласында Мамлекеттик кызмат жана мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт Асылбек Болотбаев мырза Кыргызстанды муунтуп келаткан коррупция тууралуу сөз кылат. ТРАНСПЕРЕНСИ ИНТЕРНЭШНЛдин көрсөткүчү боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан Африканын, Латын Америкасы менен Азиянын бир катар өлкөлөрүн ат чабым артка таштаган. Маселен кара тизмедеги 163 өлкөнүн 125-орунунда Гондурас турса, Кыргызстан андан озуп 145-орунга чыгап кеткен. А.Болотбаев мырзанын пикири боюнча өлкөдө этикалык реформа жүргүзмөйүн туруктуулук да, экономикалык өсүш да болбойт. Коомдо, ар бир үйбүлөдө, окуу жайларында, мамлекеттик мекемелерде адилеттүүлүктү, чындыкты урматтап, чындыкты туу тутмайын эч кандай күч бул өлкөгө жардам бербейт. Бүгүн элге өзүнүн жасаган кадамын, кылган ишин ар бир карапайым адам сыйлай тургандай үлгүнү президент өзү көрсөтүүгө тийиш. Тагыраак айтканда Кыргызстанга ЫЙМАНДЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ зарыл болуп турган чагы, ошондуктан депутат Ө.Текебаевдин депутаттык тобу даярдап жаткан мамлекеттик кызмат этикасы жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна тезирээк киргизсе болот эле, дейт А.Болотбаев мырза.

«24.KG» менен баарлашуусунда КР президентинин алдындагы эларалык стратегиялык изилдөө институтунун бөлүм башчысы Вячеслав Хамисов Кыргызстандын тунгуч президенти А.Акаев проблемаларды кимдир бирөөлөр менен талкуулоого мүмкүнчүлүк табалбаганын, натыйжада ал айрым маселелерди чечүүдө үй-бүлөсүнүн кеп-кеңешине көбүрөөк муктаж болгонун, ошентип олтуруп бара-бара тууган-туушкандарынын туткунунан чыгалбай калганын, мамлекет башчысынын чечимдерин жүзөгө ашырууну каржылоочу фонд жоктугунун айынан Акаев «кошелектордун» кызматынан пайдаланганын, акыр аягында мындай үйбүлөлүк, тууганчылдыкка таянган мамлекет ичиндеги мамлекет президенттин бийлигинин кыйроосуна алып келгенин белгилейт. Анын оюнча тууганчыл бийликти жок кыла турган жол-Мамлекеттик Кеңеш же Акылмандардын Кеңешин түзүү. Белгилүү саясатчы М.Иманалиевдин мына ушул идеясы ишке ашса мамлекет башчысынын айланасы шымаланган шылуундардан, көшөкөр жагымпоздордон арылып, алардын ордун чындап колунан иш келе турган, эл-жер деп күйгөн азаматтар басмак.

«Борбор Азия» маалымат булагы аркылуу тараткан кабарында орусиялык журналист Аркадий Дубнов, кыргыз бийлигинин бөлөкчө ойлонгон адамдар менен күрөшүү ыкмасы мындан 30 жыл мурдагы КГБ дооруна укмуштай окшоштугу менен таң калтырууда деди. Анын пикири боюнча Кыргызстандын азыркы бийлигинин келегейлиги өзүн өзү сырттан туруп баалап-карай албагандыгы. Журналист андан ары, Ф.Кулов мени камагыла деп тиешелүү органга өзү барып берсе, күнөө койгонго негиз жок деп камабай койгонун, ошол эле убакта күнөө койгонго негиз бар деп Куловдун шакирттери Ө.Субаналиев менен Ө.Абдырахмановду камакка алганын мисалга тартып, Ф.Куловду камакка алуу бийлик үчүн өтө опурталдуу болмогун, аны камаганда Кулов дароо эле авторитаризмдин жалындуу күрөшүүчүсү жана эл үчүн башын азапка сайган баатырга айланмагын айтат А.Дубнов.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG