АКШ президенти системанын бөлүктөрүн Европага жайгаштыруу долбоору боюнча Орусиянын “коркунучун” азайтуу үчүн диалог улантыла берерин убада кылды. Буш Вашингондо Евробиримдик менен АКШнын саммитинен чоң сүйлөп жатып, бул сунушту ага Европа кеңешинин учурдагы төрагасы Ангела Меркель айтканын баса белгиледи. Эми Буш Орусия президенти Путинге ракеталардан коргонуу системанын өзгөчөлүктөрү тууралуу кенен түшүндүрмө бермекчи.