БШКнын мүчөлөрү Болот Малабаев, Жаркын Бапанова, Жеңиш Акматов, Гүлбара Исабекова, Дамир Лисовский жана Кемин шайлоо чөлкөмүнүн комиссиясынын 8 мүчөсү аталган аймактын кеңсесинде талаш жараткан төрт участокко байланыштуу маселени кароо алдында турушат. 29-апрелде өткөрүлгөн Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоо маалында Шайлоо Кодекси одоно бузулгандыгын, төрт участкада миңден ашуун бүллетен айырма болгондугун айтышып көз карандысыз байкоочулар, жарандык коомдордун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү шайлоону жараксыз деп табуу сунушу менен БШКга кайрылышкан. (AJ)