Ольмерт былтыркы Ливан согушунда анын өкмөтүнүн ийгиликсиз кадамдарын сындаган катуу билдирүүдөн кийин да кызматтан кетпей турганын кечээ билдирди. Ал сыналгы аркылуу коомчулукка кайрылып, “ката” кадамдар жасалганын таанып, мындан ары сынды эске алып иштей турганын айтты. Көз карандысыз эксперттер даядарган докладда Ливандагы согуштун ийгиликтүү болбой калышына коргоо министри Амир Перец, аскерий күчтөрдүн жетекчиси генерал Дэн Халуц жана Ольмерттин шашылыш чечимдери себеп болду деп айтылат.