Адилет министри Марат Кайыповдун ырасташынча, учурда борбордук калаада митингдер өткөрүлгөн убакта тынч жашап аткан шаардыктар менен шаардын конокторунун укуктары бузулуп жатат. Анткени, митингди уюштургандар «иш-чара кайсы бир жерде өтөт» деп бийлик өкүлдөрүнө кулак кагыш кылышканы менен иш жүзүндө андай болбой, улам бир мамлекеттик мекемени карай жүрүш уюштуруп ийишип, унаалардын жүрүүсүнө гана эмес шаардыктарга да ыңгайсыздык жаратып жатышат. Министрдин ою боюнча ошол себептүү чала калган мыйзамдарды кайра иштеп чыгып, эл аралык стандарттарга теңөө зарылчылыгы пайда болду. Ошондой эле ал мамлекеттик мекемелер кечинде эмес күндүзү иштегендиктен, кечки митингдерге уруксат берүүнүн зарылчылыгы жок деген ойдо:
- Кечээги өткөн митингдерден кийин биздин мыйзамдардын да кемчилиги көрүнүп калды. Түндө келип кыйкырса, микрофон менен бакырса «бизге кошулгула» деп. Андай учурда тынч уктап аткан, эс алып аткан адамдардын укуктары бузулбашы керек болчу. Ошондуктан мен терең ишенем, ушундай мыйзамдын кемчиликтерин оңдоп, ошол мыйзамдын долбоору жазылып аткан учурда оппозициянын өкүлдөрү менен чогуу жазып, андан кийин коомчулукка алып чыгып талкуулап, өзүбүздүн мыйзамдарды эл аралык стандартка алып чыгышыбыз керек.
Ошентсе да бир катар укук коргоочулар эгерде бийлик мындай кадамдарга барса демократиялык жолдон тайып, авторитардык жазалоочу бийлик болуп калгандыгын далилдейт. Алардын пикиринде бүгүнкү бийлик адамынын кеч киргенде өтүүчү митингдерди токтотуу керек дегени таптакыр туура эмес. Себеби, күч органдары бир катар адамдарды кечинде суракка алып, түн ичинде соттоп, өздөрү түн киргенде иштеп жатышат. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын билдиргендей, бийлик адамдары саясий куугунтуктарды түн ичинде жасап, түн ичинде адамдардын укугун тебелеп-тепсегенин койбосо, укук коргоочулар менен мындай аракеттерге маакул болбогон жарандар митингдерге түндө да чыга беришет. Ошол себептүү А.Абдрасулованын ырасташынча министрдин мындай билдирүүсү куру гана кыял. Анткени, андай нерселер эл аралык стандарттарда жок:
- Эл аралык стандартка тууралап митингдерге чектөө киргизүү керек дегендин өзү туура эмес. Себеби, эл аралык стандарт бирөө эле. Эл аралык стандарт жарандарга эркинг жыйындарды, пикет-митингдерди өткөрүүгө жол берет. Ошондуктан бул Марат Таштановичтин ушундай татынакай, түшүндө көрүп аткан куру кыялы болуп атат.
Коомчулукта да бул жаатта пикирлер ар түрдүү. Кайсы бир адамдар митингчилер шаар көчөлөрү аркылуу жүрүштөрдү уюштуруу менен башка адамдардын укуктарын эске албай жатышат, бийлик буга каршы чара көрүш керек дешсе, башкалары эч нерсени укпай калган бийликти митинг өткөрүү жолу менен эпке келтирүү керек дешет.
Бул боюнча белгилүү саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашевдин пикири төмөнкүдөй:
- Чындыгында митинг өткөрүш керек. Бирок, ошол эле учурда экинчи бир адамдардын укуктарын да биз туура түшүнүшүбүз керек. Мисалы, митингчилер чыгып алып, көчөдө түнү менен кыйкырып, адамдардын өйдө-төмөн жүрүүсүнө тоскоол болуусу да туура эмес. Анткени, бир адамдын укугу менен экинчи бир адамдын укугу тепселенип атпайбы. Ошондуктан муну укуктук жолго салыш керек. Бирок, таптакыр токтотуп коюштун кажети жок.