Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:14

КЫРГЫЗСТАНДА АДМИНИСТРАТИВДИК–АЙМАКТЫК РЕФОРМАГА КЕЗЕК КЕЛДИБИ?


Кыргызстанда административдик-аймактык реформа жөнүндө көп мезгилден бери айтылып келет. Ал боюнча төрт баскычтуу болгон кыргыз бийлик системасынын кеминде бир баскычы алынып салыныш керек. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев административдик-аймактык реформаны жүргүзүү үчүн комиссия түзүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстанда СССР мезгилинде калыптанган төрт баскычтуу бийлик системасы иштеп турат. Туура, СССРдин мезгилинде ал беш баскычтуу болуп, эң чокусу Москва болчу. Азыркы кезде Бишкектеги борбордук бийлик, андан кийин облустук, райондук жана айыл өкмөтү болуп төрт тепкичтен турат. Төрт тепкичтүү бийлик системасын бузуу быйыл эки тепкичтүү бюджет кабыл алуу менен башталганы анык. Азыркы учурда Кыргызстанда 7 облус, 44 район, 26 шаар, 450 тегерегинде айыл өкмөтү жана жыйырмадан ашуун шаарча бар.

Премьер-министр Алмаз Атамбаевдин айтымында, өлкөдө жакында административдик-аймактык реформа болуп, анда мына ушул төрт баскычтуу бийлик системасынын бир баскычы алынып салынат. Мындай реформа жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлүүдө:

-Биз эки деңгээлдүү бюджетке өттүк. Мурда төрт деңгээлдүү бюджет эле эми эки деңгээлдүү болуп калды. Административдик реформа үчүн комиссия түзө баштадым. Кыргызстанда жакында административдик реформа болот. Анткени биздин бийлик төрт тепкичтүү. Облус, район, айыл өкмөт жана борбордук бийлик. Мына ушулардын жок дегенде бирөөсү ашыкча болуп турат. Ошондуктан айтаарым, жакында акимдер болбой калышы мүмкүн.

«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, административдик-аймактык реформа бышып жетилген маселе:

-Кыргызстан көлөмү жагынан чакан мамлекет. А бирок чакан мамлекеттин ичи 78ге бөлүнүп турат. Акылга сыйбаган майда бөлүктөр бар. Мисалы, Карасуу ооданында бүгүн 360 миң киши жашайт. Ошондо деле бир аким, эки орун басар жана 10 чакты мамлекеттик кызматкер бар. Ошол эле учурда Тогузтородо, Чаткалда 20 миңге жетпеген калкы бар. Ошондо деле бир аким, эки орун басар, он чакты мамлекеттик кызматкер бар.Ошондуктан бизде атка минерлер көп болуп жатат.

Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, Кыргызстанда үч баскычтуу бийлик системасы түзүлгөнү оң. Ал айыл өкмөтү, аймактар, андан кийин борбордук бийлик болуш керек. Мамлекеттик бюджет борбордук, анан аймактык болуп түзүлгөнү туура болот.

Административдик-аймактык реформа менен чиновниктердин саны кыскарат. Аны менен кошо коррупция азайат. «Эркиндик» партиясынын лидеринин эсеби боюнча, Кыргызстан чиновниктерге быйылкы жылы 11 миллиард сом жумшоодо. Административдик реформа менен жок дегенде 4-5 миллиард сом үнөмдөлүш керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG