БШКнын Кеминде өтүп жаткан көчмө жыйынында талаш туудурган төрт участкадагы добуштар кайра саналды. Анын натыйжасында, төрт участоктон эле талапкер Эрик Арсалиевге 1189 добуш жасалма кошулганы жана “бардыгына каршы” деп берилген 675 добуш жок кылынганы белгилүү болду.(SM)