Бүгүн эртең менен экс-президенттин кызы Бермет Акаева Кемин райондук ооруканасынан дарыланып чыкты. Бул тууралуу аталган райондун ооруканасынан тастыкташты. 28-апрелден 29-апрелге караган түнү Акаева райондук прокуратурадагы сурактан чыккандан кийин эс учун жоготуп, райондук ооруканага жеткирилген. Кемин шайлоо чөлкөмү боюнча парламенттик шайлоого ат салышып жаткан Бермет Акаеванын талапкерлигин адегенде райондук сот шайлоодон четтетип, Жогорку сот ал чечимди күчүндө калтырган. (AJ)