Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Эстонияда коомдук жайларда чогулууга тыюу салынууда


Советтик жоокердин эстелигин которуудан улам тутанган тополоңдун кайталануусунан кооптонгон Таллин полициясы кечээ күндөн тарта шаарда коомдук акцияларды өткөрүүгө тыюу салды. Мындан сырткары 9-май күнү Жеңиш майрамын белгилөө учурунда арак-шарап сатылбайт. Өткөн жумада Таллиндин борборунан Советтик жоокердин эстелигинин жылдырылышынан улам нааразылык чаралар жүрүп, кагылышуулардан бир Орусия жараны каза тапкан. Эстелик 30-апрель күнү Таллиндин четиндеги аскерий көрүстөнгө которулду.

XS
SM
MD
LG