Мындай чечимди кечээ Ташкент шаардык соту чыгарды. Көз карандысыз журналист чек араны мыйзамсыз өткөнү жана контрабандалык жол менен тыюу салынга адабиятты алып киргени үчүн күнөлүү деп табылды. Ниязовага доо-арыз менен кайрылууга 10 күн берилди. Эларалык укук коргоо уюмдары журналист үстүндөгү сот иши “саясий себептер” үчүн ачылганын билдирип келишет.