Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

“Аль-Каида” уюмунун Ирактагы бөлүмү анын лидери өлтүрүлдү деген маалыматты четке кагууда

Интернет сайттагы билдирүүдө Абу Аюуб аль-Масри тирүү жана анын ал-абалы жакшы экени маалымдалды. Ирактын Ички иштер министрлиги аль-Масри Багдаддан түндүгүндө болгон кагылышууларда кечээ өлтүрүлдү деген маалыматты текшерүүдө. Америкалык командачылык да бул кабарды азырынча тастыктай элек. Өткөн жылы Абу Муса аль-Заркави АКШнын аба чабуулунда өлтүрүлгөндөн соң, “аль-Каиданын” Ирактагы бөлүмүн аль-Масри жетектей баштаган.
XS
SM
MD
LG