Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:42

ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУЗ, МЫРЗА…


Ушу тапта саясатчылар казак президенти Н.Назарбаевдин Кыргызстанга келип кеткенин ар кандай өңүттөн талкууга алышууда. Бири, казак президенти жөндөн жөн эле келе койгон жок, өз алдынча түтүн булаткандан бери көрүнгөндүн көзүн кызартып келген керемет кыргыз жерине Нуракенин да бекеринен назары түшүп жатпаган чыгар, бизде кандай гана жайлоолор, катылуу жаткан кен байлыктар, көл жээгиндеги пансионаттар бар десе, бири, эки өлкөнүн ортосундагы туугандык мамилени жакшыртуу үчүн келип кетти дешүүдө.

Ал эми «Фергана ру» маалымат булагы Кыргызстан Орусиядан оолактагандан кийин «старший братсыз» калган эле, ошол бош орунду эми Казакстан толтурмай болду, непадам мындан ары Кыргызстан кыйшаңдап баратса какыс-кукус кыла турган «старший братка» айланат, ошон үчүн Н.Назарбаев эки өлкөнүн кызматташтыгын теске салы турган Мамлекеттер аралык Жогорку Кеңеш органын жөндөн жөн эле түзө койгон жери жок деп белгиледи. Бирок, Борбор Азиядагы лидерлик күрөштө Казакстанга көз көрүнөө уттуруп келе жаткан Өзбекстан тарап Кыргызстандын Казакстан менен мындай ымаласын жактырып кабыл ала койбостугу турган иш, деп жазды «Фергана ру».

«Бишкек басма сөз клубунун» суроолоруна берген жообунда белгилүү саясат таануучу Валентин Богатырев эми мындан ары саясат күрөшүнүн уюлу- өкмөт болорун, күрөштүн маңызы да дал ушул өкмөттү түзүүгө көзөмөлдүк кылууга, анын ишине таасир этүүгө жумшаларын, оппозиция өкмөт курамына киргенден баш тартканы менен, көбү өкмөт башчысы болууну каалап тургандыгын байкоо кыйын эмес, деп айтты. Анализчи сөзүн андан ары улантуу менен акыркы учурдагы саясый куугунтук менен эркин гезиттерди баса калмай «жасоолдук» жосунду бийликтин кемчонтойлугу катары баалап, мындай көрүнүш ансыз да ылаңдап турган түндүк-түштүк маселесине оңой шынаа болуп берерин белгиледи.

«Дело № …» гезити кызмат өтөп бүтөрүнө аз калганда апасына кайтпай калган жоокердин кайгылуу өлүмү тууралуу жазып чыкты. Аны үйүндө мына-мына кирип келет деп күтүп жатышкан болучу. Бирок Азамат кайтпай калды. Ушул жылдын 5-апрелинде катарда турган жеринен жыгылып, жан берди. Кой-Таш аскердик бөлүгүнүн сержанттык мектебинде кызмат өтөп, улук сержант наамын алган Азамат Юлдашев Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жеринен, Кожомбердиев аттуу прпорщиктин соккусунан улам ажал тапкан. Кыргызстандагы мыйзамсыздык, тартипсиздик жана кызмат адамдарын кызматка алуудагы коррупция Кыргыз Армиясына да жукканын, генералдар аны канчалык жаап-жашырып, жымсалдагысы келгени менен бул дарт аскер бөлүктөрүн да курттай жеп баратканын айтышат байкоочулар.
XS
SM
MD
LG