Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

КЫРГЫЗСТАНДЫК ФОТОСҮРӨТЧҮЛӨРДҮН КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТҮП ЖАТАТ


Көргөзмөгө жалпысынан ар кандай темадагы эмгектер коюлган. Анын ичинде өлкөнүн табиятын, каада-салт, үрп-адаттарын чагылдырган сүрөттөр жана жай турмушту көрсөткөн эмгектер бар. Мисалы фотосүрөтчү Алимжан Жоробаев балдар темасындагы жана жол эрежелерин чагылдырган сүрөттөрүн койгон.

-Балдар темасына кайрылганымдын себеби биринчиден бул түбөлүктүү тема, экинчиден алардын жан дүйнөсү таза келет эмеспи андыктан эмгек жаратаарда кичинекей балдар менен баарлашып, өзүңө көптөгөн жакшы нерселерди аласың,-деди Алимжан Жоробаев.

Көргөзмөдө фотосүрөтчүлөрдүн көпчүлүгү Кыргызстанга тиешелүү эмгектерин койсо, Александр Федоров Өзбекстандын Бухара шаарынын турмушун чагылдырган сүрөттөрүн койгон. Анын себебин автор мындайча түшүндүрдү.

-Мен алдын ала баардыгы эле Кыргызстан тууралуу сүрөттөрүн коет деп билгем. Андыктан бир аз өзгөчөөрөк болсун деп ушул темадагы иштеримди койдум. Ал эми Бухара шаарын тартканымдын себеби, башка шаарлар жаңы имараттар курулуп, тез-тезден өзгөрүлүп турса, Бухара шаары 500-600 жыл мурда кандай болсо азыр деле ошондой. Бул сүрөттөрдү мындан үч жыл мурда атайын барып тартып келгенмин.

Фотосүрөтчү Алимжан Жоробаев мындай көргөзмөлөр жаш сүрөтчүлөр үчүн көп пайдалуу нерселерди берет деген пикирде.

-Негизи эле соңку беш жыл аралыгында сүрөткө кызыккан жаштар көбөйдү. Мисалы мага эле канча улан-кыздар кайрылышты. Мен аларга колуман келишинче билгендеримди үйрөткөнгө аракеттенем. Ал эми мындай көргөзмөгө алар сөзсүз келишет да кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат. Андыктан колдон келсе мындай иш-чараларды байма-бай уюштуруш керек.

Ал эми Владимир Пироговдун айтымында буга чейинки көргөзмөлөрдү көбүнчө ар кандай уюмдар уюштурушуп, алар сөзсүз бир теманы алышып, анан ошого тиешелүү сүрөттөрдү тандап алышчу. Мисалы революцияга байланышкан же болбосо социялдык маселелерге арналган эмгектерди талап кылышаар эле.

- А бул жолу он сүрөтчү кеңешип, чыгымдарын өзүбүз көтөрүп уюштуруп жатабыз. Андыктан кандайдыр бир конкреттүү темага байлаган жокбуз. Ар кимиси каалаган эмгектерин коюшту. Мен мисалы 22 сүрөт койдум. Анын ичинде майрамдарды, улуттук оюндарды чагылдырган, Соң-Көлдө жараткан эмгектерим бар,-дейт Владимир Пирогов.

Жалпысынан көргөзмөгө жүздөн ашык фотосүрөт коюлган. Бул маданий иш-чара 10-майга чейин созулмакчы.

-Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG