ВАШИНГТОН. Президент Джордж Буш америкалык аскерлерди Ирактан чыгаруунун мөөнөтүн белгиленген мыйзамга вето койду. Мыйзамда ошондой эле Ирактагы жана Ооганстандагы аскердик аракеттерге 100 миллиард доллар каралган болучу. Муну менен Буш АКШнын Конгрессин көзөмөлдөгөн демократтардын Ирак боюнча стратегияга өзгөртүү киргизүүгө мажбурлоо аракеттерин четке какты. Буштун азыркы стратегиясын көпчүлүк саясатчылар жактырбайт.