Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

ЭРКИНДИК ҮЙҮ: ОРУСИЯДА МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНА КЫСЫМ КҮЧ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Журналисттерди коргоо комитети кийинки беш жыл ичинде сөз эркиндигиндеги жагдайы оор ондогон өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Басма сөз эркиндиги кескин кыйындап кеткен үч өлкөнүн бири -Орусия ал тизмеде - Эфиопия менен Гамбиядан кийинки орунга чыккан. Комитет таркаткан билдирүүдө Орусия ал орунду ээлөөгө толук татыйт. Эмне дегенде кийинки учурда анын бардык улуттук үч сыналгысы тең мамлекеттик болуп өзгөрүлдү. Беш жыл ичинде он бир журналист киши колдуу болуп өлдү.

Өкмөттүк эмес уюм Freedom House жарыялаган быйылкы докладында Орусияда сөз эркиндиги айрыкча кысымга алынып атканын баса көргөзөт. Былтыр Орусиянын басма сөзү «эркин эмес» топтогу өлкөлөргө кошулса, быйыл ал дагы алты тепкич ылдыйлап түшкөнү айтылат.

Ал уюмдун жетекчиси Женнифер Уилсон: «басма сөз каражаттарына көрсөтүлүп аткан кысым демократиялык институттардын да кысымга алынып атышын күбөлөйт. Ал эми басма сөз эркиндигинин абалынын мындан ары жамандашы өлкөдө демократиянын да жаңы коркунучка дуушар болорун билдирет», - деген.

Документте көрсөтүлгөндөй, журналистердин киши колдуу болуп өлүүсү аларды куугунтуктоо Орусияда абдан жогору. Анна Политковская (cүрөттө)менен Пол Хлебниковдун эле атылып кетишин эске алуу жетиштүү болор. Былтыр президент Владимир Путин журналисттер менен болгон кезектеги жолугушуусунда андай коркунуч чындыгында бар экенин моюнуна алган:

«Журналисттерди куугунтуктоо азыр эң курч маселелердин бири. Журналисттик жаатты коргоо үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз», – деген эле.

Анализчилер божомолунда, азыркы тушта Кремлдин үгүт жүргүзүү ыкмасы, куду советтик кездегидей деңгээлге жеткен. Ошондуктан маалыматтардын электен өткөрүлүп турарын Левада борборунун анализчиси Леонид Седов бир нече мисалдар менен белгилейт. Кийинки учурда жүргүзгөн сурамжылоо жыйынтыгынан мисал келтирет:

«Макул эместер жүрүшү» мисалы туурасында өлкөдө калктын 54 пайызынан көбү же уккан эмес, же билишпейт экен», - дейт.
XS
SM
MD
LG