Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕРДИ ИРАКТАН ЧЫГАРУУ СУНУШУНА ПРЕЗИДЕНТ БУШ ВЕТО САЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Ирак жана Ооганстанда жүрүп жаткан согуштарга кошумча каражат бөлүү жөнүндөгү жаңы мыйзамга АКШ президенти 1-май күнү вето салды. Конгресс эми ал мыйзамды кайра караш керек.

Ирак менен Ооганстанда жүрүп жаткан эки согушка америкалык Конгресс 124 миллиард 200 миллион доллар кошумча каражат бөлүүгө макул болду, ал акчанын 100 миллиардка жакыны Пентагондун өзүнө берилет, калган акча Ооганстан менен Ирактын өкмөттүк күчтөрүн машыктырууга жана апийим өндүрүп-саткан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн чегерилди.

Мыйзамды Конгресстин ылдыйкы палатасы - Эл өкүлдөр жыйыны - 25-апрелде, ал эми Сенат 26-апрелде кабыл алган жана ага орчундуу кошумча киргизилген: Ирак өкмөтүнө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жана саясий менен экономикалык нуктагы бир катар шарт коюлган. Эгер ал шарттар аткарылбаса, америкалык аскерлер өлкөдөн быйыл 1-июлдан тартып чыгарыла башташ керек, эгер ал шарттар аткарылса, аскерлер өлкөдөн 1-октябрдан кеч эмес кете баштайт Эки учурда тең аскердерди чыгаруу жараяны 180 күндүн ичинде бүтүүгө тийиш жана келерки жылдын апрелине чейин Иракта америкалык аскерлер калбайт.

Президент Жорж Буш бул мыйзамга вето салганы жөнүндө 1-май күнү кечинде жарыялады, анын анын ал тууралуу сүйлөгөнүн негизги америкалык сыналгы каналдарынын көпчүлүгү көрсөттү. "Аскерлерди качан чыгарып кете турганды душманга билдирүүнүн кандай кажети бар? Бардык террорчулар эми аны билип алып, ошол күндү гана күтө баштайт, бардык күчүн топтоп, ошол мезгилден тартып Ирак өкмөтүн бийликтен кулатып, өз көзөмөлүн орнотууга аракеттенет. Менин оюмча, андай мөөнөт белгилөө - Ирак элинин кайратын качырып, бүткүл Жакынкы Чыгыш регионундагы кылмышкерлердин демин көтөрөт жана Америка өз убадаларын аткарбайт экен деген белги берет", - деди президент Буш.

Ошол эле күнү Конгрессти көзөмөлдөгөн Демократиялык партиянын өкүлдөрү дагы журналисттер менен жолугуп, америкалык аскерлерди Ирактан чыгаруу үчүн баары бир күрөшө турганын билдиришити. Ал тууралуу Сенаттагы көпчүлүктүн жетекчиси Жон Рид жана Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси жарыялады. "Менде үмүт бар эле - жалаң эле демократтар эмес, Республикалык партиянын өкүлдөрү дагы жана Америка эли колдогон бул мыйзамга президент урматтоо менен мамиле кылат деп, ал ага татык болчу. Анын ордуна президент бүткүл мыйзамга вето салды жана аны менен, чындап айтканда, мыйзамдын маңызын бузду", - деди Пелоси 1-май күнү.

Анткен менен президенттик ветону жеңиш үчүн Конгресс мүчөлөрүнүн экиден үч добушу талаптуу, оппозиция анча добуш чогулта алаары күмөн. Президент болсо жаңы мыйзам кабыл алуу боюнча Конгреес жетекчилери менен 2-май күнү сүйлөшүү баштады. Алты жарым жыл бийлиги учурунда Буш буга чейин Конгресс кабыл алган мыйзамдарга бир гана жолу вето салган.

XS
SM
MD
LG