Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:10

СӨЗ ЭРКИНДИГИН ЧЕКТЕГЕН ОН МАМЛЕКЕТ АТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 3-май күнү белгиленген Сөз эркиндигинин эл аралык күнү алдында Журналисттерди коргоо комитети дүйнөдөгү 10 "ренегат" өлкөнү атады. Бул малекеттердеги абал мурда жакшырып бараткан, бирок акыркы жылдарда кайрадан өзгөрдү. Алардын катарына Орусия менен Азербайжан дагы кошулган.

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Комитеттин айтымында, тизмеге кирген мамлекеттердин көпчүлүгүндө мындан беш-алты жыл мурда сөз эркиндиги бир кыйла жакшы абалда болчу, бирок алардын жетекчилиги акыркы мезгилде андай эркиндикти бир топ чектеди, ошондуктан бул мамлекеттерди "чыккынчы" өлкөлөр деп атаса болот.

Комитет түзгөн андай "ренегат" өлкөлөр тизмесине Эфиопия, Гамбия, Орусия, Конго демократиялык жумурияты, Куба, Пакистан, Мисир, Азербайджан, Марокко жана Таиланд кирди. Комитеттин эксперттери тизмени түзүүдө жети негизги нерсеге көңүл бурган: мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн цензура, журналисттерге каршы мыйзамдардын кабыл алынышы, маалымат каражатттарына каршы кылмыш иштерин ачуу, журналисттерди өлтүрүү, аларга кол салуу, басма сөз өкүлдөрүн эркинен ажыратуу жана аларды коркутуп-үркүтүү.

Биринчи орунга Эфиопия коюлду. Бул өлкөдө акыркы беш жылда 18 журналист абакка отургузулган, ондогону өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон, жети гезит жабылган, өкмөткө сын айткан интернет-сайттар жыбылууда.

Экинчи орунга коюлган Гамбияда Дейда Хайдара деген редактор 2004-жылы өлтүрүлгөн, "Индепендент" деген гезит жабылган, көптөгөн кылмыш иши ачылып, былтыр 11 журналист камакка отургузулду.

Үчүнчү орундагы Орусияда негизги үч сыналгы каналы толук мамлекеттик көзөмөлгө өттү, акыркы беш жылда өлкөдө 11 журналист өлтүрүлдү, бир иш боюнча дагы эч ким жазаланган жок, үч журналист камакта отурат, парламент болсо - өз милдетин аткарган мамлекеттик кызматкерлерди сынга алууну экстремизм деп баалоо боюнча мыйзам кабыл алды.

Конго демократиялык жумурияты 4-орунда. Өлкөдө 2005-жылдан бери эки журналист өлтүрүлдү, тогуз адамга кол салынды, 11 журналист камакта отурат, журналисттердин укугун коргогон уюм 2006-жылдан бери жашыруун аракеттенүүгө аргасыз.

Кубада 2003-жылы 29 журналист абакка түштү, оппозициянын 2005-жылдагы митинги жөнүндө жазган төрт чет өлкөлүк журналист өлкөдөн кууп чыгарылды, дагы он журналистке 2006-жылы виза берилген жок. Өлкө кара тизмедеги 5-орунда.

Алтынчы орундагы Пакистанда акыркы беш жыл ичинде сегиз журналист өлтүрүлдү, 15 адам барымтага алынды, айрым андай аракеттерге мамлекеттик коопсуздук кызмат өзү аралашкан деген шек бар.

Жетинчи орунга Мисир коюлган. Бул өлкөдө Реда Хелал деген редактор 2003-жылы дайынсыз жоголгон, 2004-жылы Абдел Халим Кандил деген белгилүү журналист барымтага алынып, кийин өлтүрүлгөн. 2004-жылдан бери журналисттерге каршы 85 кылмыш иши ачылды.

Сегизинчи орунду ээлеген Азербайжанда Элмар Гусейнов деген редактор 2005-жылы өлтүрүлдү, аны изилдейм деген башка журналист, Эйнулла Фатуллаев такай коркутулууда, 2006-жылы эки журналист барымтага алынды, 14 журналистке каршы кылмыш иштери ачылды.

Тогузунчу орундагы Мароккодо үч журналист абакта отурат, дагы төрт адамга саясий себептерден макала жазууга тыюу салынды.

Онунчу орунга коюлган Таиландда былтыр мамлекеттик төңкөрүш болду жана өлкөдөгү жалгыз жеке менчик сыналгы түйүнүн аскерий хунта мамлекеттик менчикке алып алды. Үналгы түйүндөрүнүн жаңылыктарын аскерий өкүлдөр текшерип берип турат.
XS
SM
MD
LG