Ага Барскоон кырсыгынан жабыр тарткандардын чыгымын Кумтөр ишканасынын төлөп берүүсү тууралуу өкмөттүн токтому толук аткарылбай жатышы себеп болууда. Аталган ишкананын жетекчилиги менен кыргыз өкмөтү жергиликтүү калк 28-апрелде баштаган тынчтык митингинин талаптарына көңүл бурбагандыктан 4-майда Барскоон-Кумтөр жолун жабуу тууралуу чечим кабыл алынганын «Азаттыкка» “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева кабарлады. (SM)
7:10 Жетиөгүздүн бир катар айылдарынын тургундары Барскоон-Кумтөр жолун жабууга ниеттенүүдө