БУУдагы Орусиянын өкүлү Виталий Чуркин Косово боюнча бир чечимге келүүдөн мурда сербдер менен этникалык албандардын ортосунда сүйлөшүүлөрдү улантуу өтүнүчү менен Коопсуздук кеңешке кайрылды. Кеңеш кечээ Приштина жана Белграддын өкүлдөрүнүн тең катышуусунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сербиянын узактан берки өнөктөшү болгон Орусия, БУУнун атайы өкүлү Марти Ахтисааринин Косового эле аралык көзөмөл астында көз карандысыздык берүү долбооруна каршы чыгып келет.