Умида Ниязова кечээ Ташкендик сот тарабынан анти-конституциялык материалдарды сактаганы жана жайылтканы үчүн күнөлүү деп табылып, 7 жылга эркинен ажыратылды. АКШнын Мамлекеттик департаменти журналисттин сотун сынга алып, ага тагылган айыптардын “саясий” жөнү бар экенин айтты. Адам укугун коргоочу “Хьюман Райтс Уотч” эл аралык уюму Ниязованын соттолушуна анын 2005-жылдагы кандуу Анжиян окуясы тууралуу макалалары себеп болгонун билдирди.