Андрей Липский азыр аткарып жаткан жумушу канчалык деңгээлде коркунучтуу экенин жакшы түшүнөт. Ал Орусиядагы белгилүү «Новая газета» басылмасында редактордун орун-басары болуп иштей баштагандан бери алардын үч журналистин өлтүрүп кетишкен.
- «Новая газета» акыркы жети жылдан бери үч мыкты журналистинен айрылды. Мынакей, биздин чогулуш өткөрчү бөлмөбүздө ошол үч журналисттин портреттери илинип турат… Сөз эркиндигинин баасы чынында эле жогору.
Журналисттерди коргоо Комитети 3-май эларалык басма сөз эркиндигинин күнүнө карата дүйнөдө сөз эркиндиги басмырланган 10 башкы өлкөнүн тизмесин жарыялады. Анда Орусия Эфиопия менен Гамбиядан кийинки үчүнчү орунду ээлеген.
Липский үчүн бул жаңылык деле болгон жок. «Бүгүн Орусияда журналистика - өтө кооптуу кесип», - дейт ал.
- Албетте, биз кайгылуу окуялардан дагы эле толук эсибизге келе элекпиз. Биз кесиптешибиз Анна Политковскаяны жоготуп алганыбыз менен байланыштуу стресстен азыр чыктык деп айта албайм. Бирок бул ар бир адам үчүн кесиптик гана тандоо. Эгер чыныгы журналистиканы тандап алган болсоң, демек алдыда боло турган нерселерге да даяр болосуң. Ишти басымдын же коркунучтун күчү менен аткаруунун кажети жок, - дейт «Новая газетанын» редакторунун орун-басары Андрей Липский.
Анна Политковская (сүрөттө) «Новая газетада» иштечү. Аны былтыр октябрда Москвадагы үйүнө кире бериште белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Политковская дайыма Чеченстандагы согушка байланыштуу макалаларды жазып, орус өкмөтүн катуу сындап келгендиктен, анын өлүмүн көпчүлүк атайын жасалган буюртма адам өлтүрүү катары кабыл алды.
Политковская акыркы жылдары Орусияда киши колдуу болуп өлгөн журналисттердин арасында эң белгилүүсү эле. Бирок, журналисттерди коргоо Комитетинин кабарына ылайык, акыркы беш жылдын ичинде өлкөдө жалпысынан 11 журналист ушундай эле жолдор менен жантаслим кылынган. Аларга байланыштуу кылмыш иштеринин бирөөсүнүн да бети ачыла элек.
Орусияда Владимир Путин бийликке келгенден бери мамлекет маалымат каражаттарына көзөмөлдү күчөттү. Жумуриятта калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн негизги маалымат булагы эсептелген телекөрсөтүүнүн башкы үч каналы (ОРТ, РТР, жана НТВ) азыр толугу менен мамлекетке карайт.
Олег Панфилов – Москвадагы «Экстремалдык журналистика борборунун» директору. Анын айтымында, Орусиядагы негизги телеканалдар соңку мезгилдерде, мурдагы советтик ыкмага өтүп, элге «мамлекеттик прораганданы» таркатуудан башканы билбей калды. «Мамлекеттик пропаганданын» азыркы мааниси эмнеде экенин Панфилов мырза мырдайча түшүндүрөт.
- Орусиянын телеканалдары калкты Кыргызстандагы, же Украинадагы бейстабилдүүлүк жөнүндөгү кадрлар менен коркутканды жакшы көрөт. Мунун менен алар элге: «Мынакей, ыңкылаптар эмнеге алып келээрин көргүлө!», - дегенсип, орус калкын да коомдук-саясий турмуштагы эч кандай окуяларга катышпоого үндөшүүдө, - дейт «Экстремалдык журналистика борборунун» директору Олег Панфилов.
Орусияда ушул жылы парламенттик, келерки жылы президенттик шайлоолор өтөөрү күтүлүүдө. Негизги саясий окуялардын алдынан радио-станцияларга оппозиция өкүлдөрүн маекке чакырбоо буйругу берилгени кабарланды. Ошентсе да, «Новая газетада» иштеген Липский мырзанын оюнда, Орусияда сөз эркиндиги үчүн күрөшүп, сапаттуу журналистикада иштөөнү каалаган жаштар көп. «Андыктан, үмүт шамы өчө элек», - дейт ал.