Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

ЭМИЛ КАЛМАТОВ: МААЛЫМАТ МАЙДАНЫНДАГЫ АКЫРКЫ ОКУЯЛАР БИЙЛИККЕ АБРОЙ АЛЫП КЕЛБЕЙТ


Кыргызстандагы Массалык маалымат каражаттары менен иштеген уюмдар өлкөдөгү сөз эркиндиги Орто Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу жогору экендигин айтып жатышат. Ошентсе да айрым эл аралык уюмдар журналисттерди сабоо, оппозициялык басылмаларга кысым көрсөтүү сыяктуу акыркы окуялар бийликке аброй алып келбесин айтышат. Ушундай эле ойду ММКларды колдоо жаатында иш алып барган “Интерньюс” эл аралык уюмунун жетекчилиги да ырастады. Бул уюм дүйнөлүк сөз эркиндиги күнүнө карата кечээ күнү айрым жергиликтүү журналисттерди диплом менен сыйлаган эле.

Кыргызстанда ММКларды колдоо, демократиялык баалуулуктарды жайылтуу жаатында иш алып барган бир канча эл аралык уюм бар. Алардын иликтөөлөрүндө Орто Азия өлкөлөрү ичинде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында дале де алдыда турат. Ошентсе да маалымат майданындагы акыркы окуялар тынчсызданууну жаратууда. Адистердин айтымында журналисттердин сабалганы, айрым менчик басылмалардын ишине бийликтин тоскоол болуп жатканы жаман көрүнүш.

«Интерньюс» эл аралык уюмунун Кыргызстандагы кеңсеси да кечээ өткөн дүйнөлүк сөз эркиндиги күнүндө бул тууралуу тынчсыздануусун жашырган жок. Ошондой эле уюм жергиликтүү журналисттерди куттуктап, айрымдарын диплом менен сыйлады. Уюмдун директору Эмил Калматов бүгүнкү күндөгү сөз эркиндиги тууралуу ал мындай дейт:

- Албетте, 2005-жылдын 24-мартынан берки эң эле негизги өзгөрүш сөз эркиндигиндеги жетишкендиктер болчу. Жаңы бийлик эч качан журналисттерге карата жаман бир мамиле жасаганы менен байкалчу эмес. Бирок, акыркы кездеги сөз эркиндиги жаатындагы окуялар тилекке каршы бийликтин аброюна шек келтирип атат.

Айрым адистер ММКлардын маселесине келгенде бир катар мыйзамдык мүчүлүштөр бар экендигин айтышат. «Журналисттер» коомдук бирикмесинин директору Марат Токоевдин ырасташынча, депутаттар ММКлардын ишмердүүлүктөрү тууралуу мыйзамдарды караганда мүчүлүштүк кетирип коюп жатышат:

- Жакында парламентте Кылмыш кодексин гумандаштыруу боюнча бир топ мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкуулашты. Ошолордун арасында ушактоо жана мазактоо беренелерин Кылмыш жана жаза кодексинен алып таштоо сунушу болгон. Бирок, Бекназаров баш болгон депутаттардын айтымында ошол беренелерди калтырып коюшуптур. Анткени, алар кооптонуп атышыптыр, «эгер муну алып таштасак адамды мазактаган макалалар көбөйүп кетет»,- деп. Чынын айтканда андай өсүш деле болбойт. Негизи, сөзү үчүн адамды абакка отургузууга болбойт.

«Интерньюс-нетуорктун» директору Черети Файн айымдын пикири боюнча Кыргызстанда сөз эркиндиги бар, бирок көп учурда журналисттерди саясатчылар колдонуп коюушат:

- Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Менимче келечекте дагы да жакшы болот. Бирок, кээ бир адамдар журналисттерди саясий кызыкчылыктары үчүн колдонуп жатканына каршыбыз. Саясатчылар менен ар кыл партиялар журналисттерди өз кызыкчылыктары үчүн колдонушпаса жакшы болмок.

Ошентсе да бийлик адамдары сөз эркиндигине эч кандай басым-кысымдар жок экендигин, эркин ММКлар кадимкидей эле өсүп-өнүгүп жатканын айтышат. Маселен, парламент төрагасы Марат Султанов Кыргызстанда сөз эркиндигине тоскоолдуктар жок дегени менен, интернет сайттардагы форумдарды көзөмөлдөө керек болуп калгандыгы тууралуу оюн айткан эле. Буга карата түрдүүчө пикирлер азыр да айтылып келет. Ал эми президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев, акыркы эки жыл ичинде сөз эркиндигинин өсүп-өнүгүп бараткандыгы тууралуу буларга токтолду:

- Ушул эки жылдын ичинде Кыргызстанда бир дагы журналистти сот жообуна тартуу боюнча бир дагы чоң процесстер болгон жок. Бул да сөз эркиндигинин Кыргызстанда улам өсүп баратканын билдирет. Ал эми мамлекет тарабынан болсо бүгүнкү бийлик бардык ММКларга бирдей шартта эркиндикти түзүп бергенге аракет кылып жатабыз.
XS
SM
MD
LG