Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

ЕВРОПА КОМИССИЯСЫ МАСКӨӨНҮ САБЫРДУУЛУККА ЧАКЫРУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Таллинн шаарындагы эстелик өткөн аптада башка жерге көчүрүлгөнү менен байланыштуу Эстония менен Орусия ортосундагы мамилелер бузулду. Орус депутаттары Эстонияга каршы катуу чара көрүүнү талап кылууда, Европа Биримдиги болсо Маскөөнү сабырдуулукка чакырды.

16-апрелде Маскөө алдындагы Химки шаарында бир мүрзө казылып, анда көмүлгөн Советтер союзунун алты баатырынын сөөктөрү белгисиз жакка алып кетилди. Бийлик ал жерге жаңы имарат курууну чечкен жана жолтоо болгон мүрзө жок кылынды. Алманиянын "Тагесшпигел" гезити жазганга караганда, Маскөөнү коргоп, 1941-жылы курман болгон ал алты баатырдын сөөгү кайда экени азыр белгисиз.

Андан 10 күндөн кийин, 26-апрелде Эстония бийлиги Таллинн шаарынын борборундагы эстеликти алдырып, аны атайын аскерий мүрзөгө көчүрдү. Эстелик менен кошо анын жанында көмүлгөн адамдардын сөөктөрү дагы жаңы жерге көчүрүлүүдө жана жакын арада эстелик салтанаттуу түрдө кайра ачылат. Ал жерде көмүлгөндөр дагы Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда курман болгон.

Бирок бул окуя дээрлик бүткүл Орусияны дүрбөлөңгө салды, орус депутаттары - Эстония менен болгон дипломатиялык мамилелерди токтотууга чакырды. Эстон бийлигинин айтымында, шаар ортосундагы эстелик унаа жүрүшүнө тоскоолдук болгон жана ага ыңгайлуурак жаңы орун табылды.

Америкалык "Тайм" журналы жазганга караганда, окшош окуя мындан эки жыл мурда Орусиянын Ставропол шаарында дагы болгон жана унаа жүрүшүнө тоскоолдук түзгөн согуш эстелигин жергиликтүү бийлик алып салган. Ага эч ким каршы чыккан эмес. Бирок Таллиннде жашаган орус тилдүүлөр бир нече күн митинг-демонстрация өктөргөндүктөн, полиция менен кагылышуулар чыкты, натыйжада бир адам өлүп, бир топ адам ооруканага жаткырылды, жүздөн көп киши кармалды.

Орус Думасынын мурдагы депутаты, адам укуктарын коргоочу Сергей Ковалевдун айтымында, эстеликтерди башка жерге көчүрүү - катардагы окуя, Орусия менен Эстониянын айырмасы болсо - Таллиннде ага каршы митинг өткөрсө болот, орус бийлиги болсо андайга уруксат бербейт.

2-май күнү Эстониянын Орусиядагы элчиси Марина Кальюранд Маскөөдө журналисттер менен жолугайын дегенде, "Наши" деген кыймылдын өкүлдөрү имаратка терезе аркылуу кирип, элчиге кол салууга аракеттенген. Милиция аларды токтотпогондуктан, элчинин сакчылары аларга каршы жаш агызуучу газ колдонгон, бирок андан кийин дагы "нашисттер" элчинин короодогу машинесин бир нече саат ордунан жылдырбай кармап турган. Швециялык дипломаттын машинесине дагы кол салынган. "Файнэншл таймс" гезити жазганга караганда, жаш агызуучу газды бөлмөгө кирип келген жаштар өздөрү биринчи колдонгон. "Наши" деп аталган кыймыл президент Владимир Путинди чексиз колдогону менен белгилүү жана ал Кремилдин колдоосу менен түзүлгөн деген да маалыматтар бар.

Ошол эле күнү орус бийлигинин мындай аракеттерин Европа Биримдиги сынга алды: "Европа комиссиясы Орусия бийлигине кайрылып, Вена конвенциясы камсыздаган шарттарды аткарып, Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин өлкөдөгү өкүлдөрүн жана алардын имараттарын жетиштүү деңгээлде кайтарып берүүнү талап кылат. Европа Комиссиясы орус өкмөтүнө кайрылып, Эстония менен пайда болгон маселелерди сүйлөшүү аркылуу гана чечүүгө чакырыт", - деп билдирди Еврокомиссиянын басма сөз өкүлү Йоханнес Лайтенбергер.

XS
SM
MD
LG