Өкмөт башчы Алмаз Атамбаев Баткенде жыл башындагы жер титирөөдөн жапа чеккен аймактардагы абал жана зилзала кесепеттерин жою чаралары менен таанышмакчы. Быйыл январда Баткен облусунун аймагында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан көптөгөн турак үйлөр жана коомдук имараттар жапа чеккен. (SM)