Өзбек чек ара жана бажы тосмолорунан азап тарткан Баткен облусунун калкы өткөн жылдын этегинде облус бийлигинин демилгеси менен каражат чогултуп, ашар ыкмасында аталган жолго оңдоп-түзөө иштерин баштаган эле. Стратегиялык маанидеги бул Баткен-Пүлгөн жолун оңдоо иштерине учурда транспорт жана коммуникациялар министрлиги да жардам көрсөтүүдө. (SM)