Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН БЕТИ КИМГЕ ОКШОШ?


«МСН суббота» гезити Жогорку Кеңештин коомдогу бүгүнкү ордуна мүнөздөмө берген айрым саясый ишмерлердин ой-пикирин басты. Маселен, саясат таануучу Зайнидин Курманов, көпчүлүк учурда парламентти таратуу жөнүндө сөз күчөп чыгарын, бирок ушундай кырдаалда аны таратуу Конституциялык түзүлүшкө коркунуч келтирерин белгилесе, депутат Кубатбек Байболов, бүгүн Жогорку Кеңештин өзү кылмыштуу уюмга окшоп калганын, анын жүзү- акыркы эки жылдан берки бийликтин күзгүдөн чагылып жаткан жүзү экендигин айтат. Депутат Өмүрбек Текебаев да Жогорку Кеңештин таркатылышына каршы, эгер ЖК кысым менен таркатыла турган болсо, арты болжоп болбой турган кесепеттерге апкелерин, өлкө ансыз да укуктук туңгуюкта турганын, укук коргоочу Рая Кадырова ЖК ушу кезде жашоого моралдык укугу жоктугун, бирок, эптеп-септеп кармап турган туруктуулукту сактап калуу үчүн аны мөөнөтү бүткөнчө кармап турганга аргазсыздыгыбызды, Топчубек Тургуналиев,Жогорку Кеңеш деген мамлекеттин денесиндеги чыйкан экенин, демек аны сыгып таштоо керектигин, Дастан Сарыгулов, азыркы парламент Аскар Акаевдин адамдары болорун, буларда мыйзам сыйлоо деген түшүнүк жоктугун, ошондуктан 24-мартты майрам күн катары белгилейли деген Бакиевдин сунушуна убагында макул болбогонун айтып жооп беришкен. Гезит ушул эле санына академик Абдыганы Эркебаевдин «Өзүң жана өз бийлигиң тууралуу эле ойлобостон эл жөнүндө ойлон» деген макаласын да жарыялады.

«Кыргыз туусу» гезити эртең белгилене турган Конституция күнүнө карата «Багы ачылбаган Башмыйзам» деген макала басты. Мыйзамды туу туткан өлкөлөрдө бир жолу кабыл алынган чечимди кайра өзгөртүү эң эле кыйын экендигин белгилеп, мурдагы президент Башмыйзамды өз кызыкчылыгы үчүн төрт ирет өзгөрткөнүн, азыркы бийлик өткөн жылдын ноябрынан бери эки ирет алымча-кошумча кийирип, эми үчүнчү ирет өзгөрткөнү жатканын, Кыргызстан тигил же бул формадагы башкарууга өтсө эле башоору маселелер өзүнөн өзү чечиле берет деген түшүнүк кыялый ой жорууларга жатарын, ошондуктан кемчиликти мыйзамдан издей бербей Башмыйзамды урматтап-сыйлаганга үйрөнүү зарылдыгын баяндады.

«Жаңы ордо» гезити аркылуу белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев журналисттерге үн таштап, кокус Ош базары кантип менчиктештирилгендиги тууралуу сурамжылап кала турган болсо «Ош базары» Байжиевдики эмес деп койгула» деп кайрылды.

«Жаңы кылым» гезити Нобель сыйлыгына «Кыргыздардан ким татыктуу?» деген суроо коюп, ага талапкер болгон үч инсандын- атактуу жазуучу Ч.Айтматовдун, белгилүү укук коргоочулар-Т.Исмаилова, Т.Тургуналиевдин аттарын атап, ар бирине кыскача токтолуп, бүгүнкү күндө дүйнөлүк мындай абройлуу сыйлыкка татый турган Топчбек Тургуналиев деп жазды.

«Белый пароход» гезити «Эки баштуу ажыдаар» деген макаласын премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө арнады.

«Лица» гезити мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун «запискаларына» кеңири орун берген. Осмонакун мырза аңгемесинин акырында «Революция деген эмне жана ал төңкөрүштөн эмнеси менен айырмаланат?» деген суроо коюп, революция деген калктын тарыхый укугу болорун, ал эми төңкөрүш тар кызыкчылык жана акчанын күчү менен жасаларын, мындай төнкөрүштөр көбүнчө Африка, Латын Америка өлкөлөрүндө көп кайталанчу илдет экенин, тарыхта анын арты эч качан жакшылык менен аяктабагандыгын, мындан эки жыл мурдагы Кыргызстандагы окуя да дал ошондой төңкөрүшкө жатарын, бул боюнча эч кандай эки анжы ой болушу мүмкүн эместигин, эми анын акыры кандай болуп бүтөт, аны турмуш көрсөтөрүн кеңири кеп кылды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG