Эгер сиз, жакынкы күндөрү соода түйүндөрүнөн “Гүлазык” деген Кыргызстанда жасалган кургак тамакты жолуктурсаңыз, окуу жайлардын алдында, эл көп чогулган жерлерде бир жигит автооунаа менен самсы, ичине эт жана картошка салынган токоч сатып жүрсө, же Кыргызстанда жасалган электрондук китепти көзүңүз чалса, болбосо Алабука районунда Өзбекстанга сүт азыктарын сата баштаган ишкана тууралуу уксаңыз, таңгалбай эле коюнуз. Анткени, мунун баары болочоктогу жаш ишкерлердин келечекте ишке ашып калчу бизнес долбоору.
Ош мамлекеттик университетинин студенти Мырзалы Курманбеков “Гүлазык” деген кургак тамакты өндүрүү үчүн бизнес долбоор түздү. Эгер көпчүлүгүңүздөрдө “Гүлазык деген эмне?”, “Кантип даярдалат?”, “Жемек түгүл укпаптырмын да?” деген суроолор туулса, ага Мырзалы таңгалбас эле.
Анткени, гүлазык азыр дээрлик унутта калган, жылкы этинен жасалган, көп убакыт бою жакшы сакталган кыргыздардын байыркы тамактарынан.
Илгери узак жолго аттангандар жылкы этин бышырып, сүрсүтүп, кургатып, аны жылкы майына куурулган унга аралаштырып, жанчып алып жанына алып жүрүшкөн.
Мырзалы Курманбеков гүлазыкты даярдоо үчүн көп деле каражат кетпей турганын айтат. Болочоктогу ишкердин баамында, азыркы учурда бул тамак өзгөчө студенттер үчүн пайдалуу:
- Студенттердин акчасы аз калат, кээде жок калат. Ошондой убакта алып келип жесе болот. Бир чети күчтүү тамак, нары арзан дагы, аларды тоюндурат. Мисалы туристтер колдонсо болот. Туристтер тоого чыгышат, ошол убакта ысык сууну кайдан табышат. Күнүмдүк турмушта деле свет өчүп, чай кайнатылбай калат. Ошол убакта гүлазыкты муздак суу менен аралаштырып жесе жакшы тамак болот.
Студент Нурлан Жумабаев да болочоктогу ишкерлерден. Ал аудиокитеп чыгаргысы келет:
- Азыр Кыргызстанда аудиокитептер чыгарылбайт. Китеп Mp3 форматта дискте болот. Негизги керектөөчүлөрүбүз – ишкерлер, студенттер, окуучулар жана бала бакчанын тарбиялануучулары. Мисалы окуучулар үчүн экзаменге керектүү маалыматтар камтылган, бала бакчадагы балдарга тарбия берүүчү китептерди чыгарсак болот.
Амир Рахматулин менен Руслан Саяков биргелешип эки бизнес долбоор иштеп чыккан. Биринчи долбоорунда бала багуучулардын кызматын сунуштаган уюм ачуу сунушталат:
- Кыргызстанда азыр бул рынок башаламан. Жеке адамдар бала багуучулар болуп эсептелет, башкача айтканда ушундай кызмат көрсөтөбүз деп эч кайда катталбаган, лицензиясы жок адамдар. Ушуга ылайык бул адамдар өз ишин акниет менен аткарат деп эч ким кепил боло албайт да. Ошондуктан биздин идеябыздын маңызы – бала багуучуларды уюм аркылуу сунуштоо менен, алардын аткарган ишине кепил болуп, жоопкерчилигин алуу, - дейт Руслан Саяков.
Руслан Саяков менен Амир Рахматулин экинчи долбооруна ылайык алар инвестициялык консалтингдик компания ачышты.
Улуттук университттин студенти Канат Бокошов окуу жайлардын алдында, эл көп чогулган жерлерди автоунаа менен кыдырып самсы, эт жана картошка салынган токоч саттууну пландаштырып жатат. Канат өзүнүн соодасы окуу жайлардагы аскердик кафедралардын жанында жакшы болоорун айтат. Анткени бир гана мисал, Улуттук университеттин аталган кафедрасына эле бир күндө болжол менен алты-жети жүз студент барат жана аскердик башталгыч сабактарынан чыккан студенттердин курсактары ушунчалык ач болот дейт Канат:
- Менин иш убактым саат он бирден үчкө чейин болот. Көп сата турган убагым туштөнүү маалында - он экиден бирге чейин. Негизи менин долбоорума көп деле каражат керектелбейт, бар болгону каражаттын чоң бөлүгүн автоунаа алуу үчүн сурап атам. Эгерде кыдырып сатпай, соода түйүнүн ача турган болсом, анда арзаныраак чыкмак эле. Бирок менин идеямдын артыкчылыгы ушул кыдырып сатууда болуп жатат.
Улан Максынбековдун долбоору Алабука районунда сүт азыктарын өндүрүүчү ишкана ачуу боюнча болду:
- Алабука району Өзбекстандын Наманган жана Касансай шаарларына жакын жайгашкан. Биздин жана Аксы районуна күндө сүт алганы өзбекстандык ишкерлер келет. Алардын муктаждыгына караганда, биздин сүт жакшы товар болуп эсептелет. Менин долбоорум эки багыттан турат. Биринчисинде жөн эле сүтту топтоп, өзбек ишкерлерге өткөрүп берүү, экинчиси сүттү топтоп, терең өндүрүштөн өткөрүп, каймак, сүт, айран чыгарып аларды да Өзбекстандын жарандарына сатуу,-деди Улан Максынбеков.
Азыр Кыргызстанда ишкерлерге кредит берген бир катар банктар жана инвестициялык компаниялар бар. Адистер эң башкысы жаш ишкерлер бизнес долбоорлорун сунуштай билүүсү маанилүү экенин айтышат. Андай уюмдардын бири – Финка кичи-кредиттөө компаниясы. Аталган мекеме 100 миң сомго чейин күрөөгө каражат албай туруп кредит бере алат дейт “Финканын” кредиттик менеджери Рустам Расулбаев:
- Биз 50 миң сомдон өйдө кредиттерди беребиз. Ушул кредиттер менен ирденген кардарларыбыз көп. “Финка” компаниясы Кыргызстандын рыногунда кредит берип 12 жылдан бери иштейт.
Болочоктогу жаш бизнесмендерге өздөрүнүн ишин баштоосуна “Биздин кылым” уюму колдоо көрсөтүп жатат. Уюмдун жетекчиси Чынара Айтбаеванын айтымында алар ишкер болом деген жаштарга бир катар тоскоолдуктар бар экенин аныктап чыккан:
- Биринчи тоскоолдук – маалыматтын жоктугу. Алар алтүгүл банкка барууну, ишкерлерге жолугууну билишпейт. Экинчиси, жаш ишкерлерде бизнес пландоо боюнча маалымдама сөзсүз болушу керек. Анткени ар кандай жагдайлар бар да. Кандай уюмдар патент төлөйт, кандайлар төлөбөйт. Же ОсООго туш келип калабы. Мына ушуларды билиш үчүн биз аларды окутуп, үйрөтөбүз,-Чынара Айтбаева.
Азыр инвесторлор, кредит берүүчү уюмдар жаш ишкерлердин бизнес долбоорун изилдеп жатышат. Ушундан улам жакынкы күндөрү Кыргызстанда ишкерлердин катары көбөйүп, рынокто жаңы азыктар, жаңы кызматтардын пайда болушу ажеп эмес.
Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек