Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

АЛТЫНДЫН ЫРЫ МЕНЕН ЧЫРЫ


Жетиөгүз районунун беш айылынын тургундары бүгүн 4-майда Барскоон-Тосор-Кумтөр автожолун буушту. Алар «Центера Голд» компаниясынан 1998-жылдагы кырсыктан жабыр тарткандардын кун акысын толук төлөп берүүнү талап кылышууда. Компаниянын өкүлү жергиликтүү тургундардын мындай мыйзамсыз акциясы боюнча укук коргоо кызматтарына арыз жолдогонун билдирди. Ал эми адистердин пикиринде Кыргызстандагы алтын чатагы кыргыз бийлигинин туура жана чечкиндүү саясатынын жоктугунан келип чыгууда.

Кумтөр ишканасына өтүүчү Барскоондогу автожол кайрадан жабылды. «Карек» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, элдин негизги талабы Акаевдин убагындагы кыргыз эли үчүн эмес, канадалык компаниянын пайдасына түзүлгөн генералдык келишимди кайрадан карап чыгуу зарыл. Кыргызстан алтындын пайдасынын 50 пайызына ээ болушу керек.

Экинчи талап, «Центера голд» компаниясынан Барскоон кырсыгынан жабыр тарткандардын 700 миң доллар кун акысын төлөтүп алуу. 1998-жылы 20-майда Барскоон суусуна «Кумтөр» ишканасынын цианид жүктөгөн автоунаасынын авариясынын кесепетинен ошол аймактагы эл эки-үч жыл айыл чарба өсүмдүктөрүнөн түшүм албай калган. Ошол түшүмдүн кун акысы чегерилген 3 млн.700 миң АКШ доллар каражатты төрт баскыч менен төлөп берүүнү компания мойнуна алган. Бул төлөмдөр жергиликтүү элдин ар кандай нааразылык акцияларынан кийин гана компания тарабынан ишке ашууда.

Ал эми Кумтөр ишканасынын коомчулук менен байланыш боюнча өкүлү Керим Шатманов жергиликтүү тургундардын мындай аракеттерин аракеттерин мыйзамсыз деп белгилеп, аларга чара колдонуу тууралуу арыз менен укук коргоо органдарына кайрылышканын билдирди.

Айрым байкоочулар Кыргызстанда бир эле «Кумтөр» эмес өлкө аймагындагы башка алтын кендерине байланыштуу талаш-тартыштар күчөгөнүн айтышууда. Март айынын башталышында экс-өкмөт башчы Азим Исабеков «Камеко» менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Ал эми мурдагы вице-премьер-министр Данияр Үсөнов «Камеко» жетекчилери менен Москвада, андан соң Стамбулда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, анын жыйынтыгы жабык бойдон калган.

Алтын маселесин элдин кызыкчылыгы үчүн пайдалануу тууралуу экс-президент Аскар Акаев да, азыркы өлкө башчысы Бакиевдин да саясий эрки жетпей жатат, дейт Тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев.

Ал эми парламенттин алтын боюнча комиссиянын башчысы Болот Шерниязов, депутаттар Карганбек Самаков менен Арсланбек Малиев “Кумтөрдү” иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгын парламентте кароону сунуштаганы менен ал маселе артка жылдырылып келет.

Таластагы талаш жараткан Жерүй жана Андаш компаниясына байланыштуу маселе боюнча өткөн айда премьер-министр Алмаз Атамбаев таластыктарга бир айдан кийин тиешелүү жообун бере тургандыгын убада кылып келген эле. Геология жана минералдык Ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Владимир Зубков майдын соңунда премьер-министр “Андаш” компаниясына байланыштуу экологиялык маселелер боюнча өкмөттүн чечимин жергиликтүү тургундарга барып айтарын билдирди.

XS
SM
MD
LG