Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

19:12 Жалалабатта былтыр террорчулардын колунан курман болгон милиционерди эскеришти


Өткөн жылы террорчу деп шектелген адамдардын огунан шеит кеткен старшина Мамасадык Турсунбаевдин урматына мини-футбол уюштурулуп, ага облустагы тартип сакчыларынын 12 командасы катышты. Мелдешти облустук ички иштер башкармасы уюштурган. М.Турсунбаевдин ысымы өзү жашаган көчөгө коюлуп, “Эрдик” медалы менен сыйланган. Террорчулардын огунан жарат алып, азыр иштеп жаткан подполковник Санжар Мамытовдун «Азаттыктын» кабарчысына айтканы боюнча, жабыр тарткан милиционерлерге компенсация төлөө жагы милиция жөнүндөгү мыйзамга киргизилбегендиктен, Мамытовдун эмгеги мамлекет тарабынан эске алынган жок. Мамытов менен бирге жарадар болуп, үч жерине ок тийген милиционер кайра ооруканага жатты. Анын боолгошунча былтыр террорист деп шектелген 5 адам атып өлтүрүлгөндөн кийин экстремистчил «Хизб-ут-тахрир» партиясынын мүчөлөрү үгүт иштерин мурдагыдай ачык жүргүзбөй калды. (YA)

XS
SM
MD
LG