Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

БАЙТИК АЙЫЛЫНДА ОППОЗИЦИЯ АКЫЛДАШУУДА


Бүгүн Бириккен фронт Байтик айылында элдик курултай өткөрүп жатат. Ага региондордон 500 делегат чакырылган. Жыйында апрель окуясынын сабактары, андан кийин өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаал, конституциялык реформанын тагдыры кеп болууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» Байтик айылында жүргөн кабарчысы маалымдады. Бириккен фронт апрелде өткөргөн каршылык акциялары милиция тарабынан куулуп таркатылгандан кийин, Феликс Кулов бул окуяны атайын кызматтар тымызын уюштурган тукурук операциясынын натыйжасы болду деп бийликти айыптап чыккан. 19-апрелде оппозициянын мөөнөтсүз митингисине чыккандар менен милиция күчтөрү кагылышып, натыйжада милиция газ жана ышкырган гранаталарды колдонуп, митингичилерди кууп таркаткан. Башкы прокуратура массалык баш аламандык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, Феликс Куловду баш кылып, оппозициядагы саясатчыларды суракка алган. Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев, «Реформа» кыймылынын активисти Өмүрбек Абдрахманов, «Канжар» кыймылынын өкүлү Адилет Айтикеев Улуттук коопсуздук боюнча мамкомитет тарабынан камакка алынып, укук коргоочулардын кысым талабы астында баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан бошотулган. Бириккен фронтту жактаган укук коргоочулар 19-апрелдеги окуя боюнча козголгон кылмыш ишти бийликтин куугунтугу катары айыпташып, анын келечеги жок экенин белгилеп келатышат. Бириккен фронт өкүлдөрү мурдагыдай эле токтоосуз конституциялык реформа өткөрүү талабын коюп жатышат. (KCh)

XS
SM
MD
LG