Мындай маалыматты “Ар-намыс” партиясынын мүчөсү Шерип Койчуманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Тоолуу Маевка, Каражыгач жана дагы бир нече айыл өкмөттөрдөн келүүчү делегаттарды милиция өткөрбөй тосуп жатат. Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул маалыматты жокко чыгарды. Маалымат катчысы Олжобай Казабаевдин айтуусунда Байтикте өтүп жаткан жыйынга милиция тарабынан бут тосуулар болгон жок.